Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Палестинага койгон талабын Израил дагы бир ирет кайталады


Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон дагы бир жолу палестиналык желекчиликке “тынчтык процесси” башталганга чейин, экстремисттик топторду жок кылуу талабын койду.

Шарон Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббасты Тел-Авивде жума күнү болгон жардырууга жоопкерчиликти алган “Ислам Джихад” тобуна каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды. Тел-Авивдеги түнкү клубда болгон жардыруудан төрт адам набыт кеткен.
Израилдик радио өлкөнүн Юстиция министринин билдирүүсүн окуду. Анда айтылгандарга ылайык, Израил палестиналык дагы 400 адамды камактан бошотуу тууралуу келишимди аткарбай коюшу мүмкүн. Өткөн аптада түрмөдөгүлөрдөгү палестиналыктардын биринчи бөлүгү, 500 адам, мекенине өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG