Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

БУУнун баш-катчысы Ирактагы ири жардырууну айыптады


Кечээ Улуттар уюмунун баш-катчысы Кофи Аннан Ирактын түштүгүндөгү Хилла шаарында болгон ири жардырууну катуу айыптады. Андан кеминде 115 адам мерт кеткен, жарадар болгондордун саны азырынча 130дун тегерегинде деп айтылып жатат.
Бул – АКШ баштаган күчтөр Иракка эки жыл мурда киргенден берки эң ири жоготуулар менен коштолгон карасанатай иш болду.
Аннандын айтымында, “бул өңдүү маанисиз зомбулуктар” бир гана максатты – “Ирактын демократиялык реформаларда ийгиликтерди жаратуусуна” каршылык көрсөтүү.
Жергиликтүү полициянын кабарына ылайык, жанкечтинин машинеси коопсуздук кызматтарына жумушка орношуу үчүн турушкан адамдардын жанында болуптур. Азыр бул жардырууга тиешеси бар деп шектелген бир катар адамдар камакка алынды.

XS
SM
MD
LG