Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

ТҮРКМӨНБАШЫ ДУБАНДАРДАГЫ ООРУКАНАЛАРДЫ ЖАПМАК БОЛДУ


Үстүбүздөгү аптада Түркмөнстандын президенти Сапармурдад Ниязов чөлкөмдөрдөгү ооруканалардын көпчүлүгүн жабуу планын жарыя кылды. Түркмөнбашынын сунушу аткарылса, кеселдер жана каары адамдар доктурга көрүнүү үчүн башкалаа Ашхабадга каттоого аргасыз болушат. Айрым байкоочулар президент Ниязовдун бу кадамы өлкөнүн ансыз деле тамтыгы чыккан саламаттык сактоо системасын биротоло кыйратып бүтөөрүн айтышат.

Германиялык дарыгерлер президент Ниязовдун көзүнө операция жасап, мекенине кайтып кеткенден үч-төрт күн өтпөй, Түркмөнбашы бардык облустук ооруканаларды жабууну, дарты оор кеселдердин Ашхабадга келип дарылануусун кааларын букараларына жарыя кылды.

Ниязов бир нече жума илгери улуттук сыналгыдан сүйлөп, жер-жерлердеги ооруканаларды жабуунун зарылдыгын мындайча түшүндүргөн:

- Саламаттык сактоо мекемелери, бардык ооруканалар Ашхабадда болушу шарт, жаңылары да Ашхабадга курулуп жатат. Облустардын байтактында диагноздоочу борборлор ачылды. Эл аларга барсын. Акысыз эч нерсе күтпөгүлө. Кимдир бирөө силерге рецепт жазып берет, аны алгыла. Ал эми башкалаада силдерди доктурлар дарылайт. Андыктан аймактардагы кеселканалардын зарылдыгы жок.

Президент Ниязовдун сунушун Ачык коом институтунун Түркмөнстан долбоорунун мүдүрү Эрика Дейлей акылга сыйбаган сунуш деп баалады. Диагностук борборлор жол кырсыгына кабылган, же жүрөгү кармаган, же сокур ичегиси өтүшүп кеткен адамдын өмүрүн сактап калары күмөндүү. Аянты жарым миллион чарчы чакырымга жакын өлкөдө Ашхабадга тез жетүү да оңой эмес.

Дейлей айым Будапешттен телефон аркылуу берген интервьюда элге оор болуп калат деген пикирин билдирди:

-Коңшу өлкөлөрдө саламаттык сактоо тармагынын абалы алардын жардылыгына байланыштуу. Түркмөнстанда жагдай өзгөчө. Түркмөнстан килейген өлкө болгондуктан, борборго жетүү анда иштеген көпчүлүк адамдар үчүн географиялык жактан да, финансылык жактан да оор. Эгерде береги айтылган буйрук чындап эле аткарылчу болсо, дарты өтө күчтүү адамдар үчүн өлүм жазасы дегенди түшүндүрөт.

Эрика Дейлейдин баамында, Түркмөн өкмөтүнүн планы өлкөнүн саламаттык сактоо системасын биротоло тоздурууну көздөйт:

–Түркмөнстандын өкмөтү саламаттык мекемелеринде иштеген адамдарды өтө шыктанып кызматтан бошотууда жана адамдардын медициналык билим алуусуна жол бербей жатат. Саламаттык мекемелерин мекчиктештирүү көпчүлүк түркмөнстандыктар үчүн финансылык жактан акылга сыйгыс көрүнүш.

Түркмөнстан дүйнөдөгү 200 өлкөнүн ичинен врачтарды жан башына алганда 168-орунда турат. Ал эми жалпы доктурлардын саны боюнча 133 орунда.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 52 өлкөдө өткөргөн изилдөө, азыркы шартта түркмөндөрдүн өмүрүнүн орточо узактыгы 60 жаштан ашпасын аныктаган.

Саламаттык сактоого ички дүң продукциядан бөлүнгөн каражатты алсак, Түркмөнстан маанилүү тармакка өтө аз акча бөлгөн өлкөлөрдүн тизмесине кирет.

Ырас, облустук ооруканаларды жабуунун мөөнөтү али айтылбады. Бирок, өзүн пайгамбарга теңеген президент Ниязов маселени өкмөттүк жыйында ортого салса, сунуш колдоо табарынан шек жок.

Эрика Дилейдин айтымында, келегей идеяны шып илип алып, аны аткарууга дилгир бюрократтар да табылат:

- Ниязовдукуна окшогон диктаторлук режимдин шартында өлкө көбүн эсе президенттик жарлыгы менен башкарылат. Ал эми бул окуяны алсак, ал чанда болчу көрүнүш жана чынында эле өтө ашынган бюрократтар тарабынан аткарылышы ыктымал.

Түркмөнстанда акыркы беш жылда саламаттык мекемелеринин кызматкерлери эки жолу кыскартылган. Андыктан, аскерге чакырылган жоокерлер медсестралардын жана кезметтеги дарыгердин милдетин аткаруу буйрулган.
XS
SM
MD
LG