Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Жалалабатта нааразылык чарасы улантылды


ЖАЛАЛАБАТ. Митингге Жалалабат, Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Өзгөн,Каракулжа аймактарынан келген үч миңден ашык адам катышты.Кыргызстан элдик кыймылынын облустук бөлүмү уюштурган нааразылык чаранын катышуучулары президент Аскар Акаевдин кызматтан кетип, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү, парламенттик шайлоонун экинчи айлампасын таза өткөрүү талаптарын коюшууда. Алар облустук бийлик маңдайында жана ичинде өлкө башчысы менен өкмөт башчы Николай Танаевдин отставкасын талап кылган кызгылт түстүү тасмаларды кармап, улам улам ураан чакырышты.
- Элин, жерин саткан Акаев кетсин!
Жаштардын тобу ушинтип кыйкырып, шаардын көчөлөрүн кыдырышты. Жалалабат университетинде президенттин кызматынн тапшыруусуна негиз жок деген жана оппозицияны айыптаган дагы бир митинг өттү. Ага миңдей адам катышты.

XS
SM
MD
LG