Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Сириянын Ливандагы аскерлеринин орун которуштуруусу дүйшөмбүдө башталат


Ливандын кызматтан кетип жаткан коргоо министри Абдель Рахим Враддын билдиргенине караганда, аскерлерди Бекаа деген өрөөнгө жылдыруу эки өлкөнүн президенттеринин дүйшөмбүдө Дамаскта белгиленген сүйлөшүүлөрүнөн кийин башталмакчы. Президенттер Башар Ассад менен Эмил Лахуд аскерлерди кайра жайгаштыруунун чоо – жайын талкуулайт. Сирия президенти Башар Ассад алар Ливандагы аскерлерин чыгаруу эки баскычта ишке ашырыларын: аскерлер оболу Бекаа өрөөнүнө, андан соң Сирия-Ливан чек арасын көздөй жылдырыларын кечээ парламентте сүйлөгөн сөзүндө жарыялаган эле.

Мунун аралыгында Ливандагы сириячыл "Хезболла" уюму өз тарапкерлерин алдыдагы бейшембиде Бейрутта Сирияны колдогон демонстрация өткөрүүгө чакырды. "Хезболланын" Ливандагы лидери Шейх Хассан Насралланын билдиргенине караганда, Ливанын азырынча "Израил менен согуш абалында" калып жаткандыктан бул жерде сириялык аскерлердин калышы абзел.

Сирияга учурда Ливандагы 14 миң жоокерин толук чыгарып кетүүсү үчүн эл аралык кысым көргөзүлүүдө. Алар бул коңшу өлкөдө 1976- жылдан бери турат.

XS
SM
MD
LG