Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:48

МУРДАГЫ СЕНАТОР ВАШИНГТОН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ӨЗӨКТҮК ПЛАНДАРЫН СЫНГА АЛДЫ


АКШнын мурдагы сенатору Сэм Нан президент Жорж Буштун жер астындагы бункерлерди талкалачу өзөктүк куралды чыгаруу пландарын сынга алды. Ошондой куралдын күчү төмөн болгону менен, аны иштеп чыгуу Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү эларалык келишимге көлөкө түшүрүшү ыктымал деп эсептейт Нан.

Жаңы куралдын авторлору анын кубаты 5 килотоннага жетпейт, бомба жер алдында 300 метр тереңдикте жайгашкан гранит бункерлерди талкалап, айланадагы адамдарга залака тийгизбейт деп ырасташат.

Жоржия штатынан мурдагы сенатор, демократ Сэм Нан ошол куралдын эффективдүүлүгүнөн күмөн санайт:

- Куралдын бул түрүн жасоого жумшалган чыгымдар өзүн актабайт. Мен андай пландарга каршымын. Менимче, биз өзөктүк куралдын жаңы түрлөрүн чыгарбастан, анын кунарын түшүрүүнүн үстүнөн иштешибиз керек. Андай болбосо, жаңы ядролук державалардын пайда болушун алдын алууга башка өлкөлөрдү көндүрө албайбыз, - деди экс-сенатор Вашингтондо кабарчылардын алдында сүйлөп.

15 жыл мурун Нан сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы болуп турган кезинде, республикачыл сенатор Ричард Лугар менен бирге өзөктүк курал боюнча атайын мыйзам иштеп чыккан эле. Анын аркасы менен Россия жана мурдагы советтик жумурияттарда атомдук, биологиялык жана химиялык арсеналдардын артык башы жок кылынган.

Ошондон бери Москва жана Вашингтон тарабынан ядролук куралды жайылтпоо тармагында көп кадамдар жасалды, - деди Нан.

Жакында Братислава саммитинде да эки өлкөнүн лидери тең өзөктүк куралдын террористтердин колуна өтүүсүн алдын алууга кызыкдар экенин дагы бир жолу далилдешти.

- Бул жолугушуунун негизги жыйынтыгы – президенттер жеке жоопкерчилигин сезе башташты. Прогресске жолтоо болгон бюрократиялык талаш-тартыштарды жоууга эки лидердин активдүү катышуусу абдан маанилүү.

Ядролук терроризмди алдын алуу президенттердин колунда, - деп улантат экс-сенатор.

Өз сөзүндө ал атомдук курал кылмышкерлердин колуна кайсы жол менен түшпөсүн, анын аркасы дүйнө үчүн өтө кооптуу болот деп эскертти.

Андыктан өзөктүк курал-жарактар сакталган кампалардын коопсуздугун камсыздоо, жаңы ядролук державалардын пайда болушун алдын алуу бардыгыбыздын ишибиз. Бул жагынан алганда Россия менен Кошмо Штаттары өз арсеналдарын катуу кайтарууга алышы керек деп:

- Өзөктүк кампалардагы материалдар террористтердин колуна тийсе эле алардын максаты жеңилдейт. Биздин ишибиз болсо татаалдаша түшөт. Ядролук курал-жарак сакталган жайлардын коопсуздугун камсыздоо биз бир бирибиз менен кызматташканда гана оң натыйжа берет.

XS
SM
MD
LG