Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрдү


БИШКЕК. 12-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда №3 Гагарин жана №34 Кочкор шайлоо округундагы абал талкууланды. Гагарин шайлоо округундагы төрт участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу талапкерлер Токтоайым Үмөталиева менен Валерий Ляндын арызы канааттандырылган жок. Натыйжада Камчыбек Жолдошбаев биринчи турда жеңип чыккан депутат катары таанылды. Бирок Үмөталиева жана Лян Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине нааразы болуп, сот органдарына кайрылышаарын билдиришти. Ал эми Кочкор шайлоо округундагы маселе боюнча соттун чечимин күтүү белгиленди. Жыйында №54 Талас жана №26 Акман округдук шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизилди. Маалыматка ылайык, эки шайлоо комиссиясынын бирден мүчөсү өз арызына ылайык бошотулуп, алардын ордуна жаңы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бекитилди.

XS
SM
MD
LG