Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:23

Бейөкмөт уюмдар шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун айтышууда


БИШКЕК. Бишкек шаарындагы №1 Университет жана №8 Түндүк шайлоо округдарында одоно мыйзам бузуулар катталды. Бул тууралуу шайлоонун өтүшүнө байкоо жүргүзгөн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынан билдиришти. Коалициянын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча Университет округундагы бир катар шайлоо участкаларында шайлоочуларды автобус, жеңил машинелер менен ташып алып келүүлөр орун алды. Түндүк округунда да байкоочулар тарабынан айрым шайлоо участкаларына кичи автобустар менен шайлоочуларды ташып келүү фактылары катталды. Ошондуктан, добуш берүүгө келген шайлоочулардын санынын көрсөткүчү көбөйтүлүүдө. Шайлоо кодексинин 40-беренесине ылайык, депутаттыкка талапкерлерге жана алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле башка адамдарга шайлоочуларды добуш берүү үчүн алып келүүгө тыйуу салынат. Ал эми Кыргызстандын демократиялык коопсуздугу боюнча коомдук кеңеши ушул эле күнү парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы биринчи айлампасына караганда сапаттуу өтүп жаткандыгы жөнүндө билдирди.

XS
SM
MD
LG