Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Лондон институтунун байкоочулары шайлоого оң баа беришти


БИШКЕК. Эларалык демократия боюнча Лондон институтутунун парламенттик шайлоого көз салган байкоочулары 14-мартта маалымат жыйынын уюштуруп, парламенттик шайлоо акыйкат жана легитимдүү өттү деп билдирди. Институттун өкүлү Кеми Пирстин айтымында, майда мыйзам бузуулар шайлоонун жалпы жыйынтыгына шек келтирбейт. Ушул эле маалымат жыйынында институттун Израилден келген өкүлү Лев Вершинин Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо пайдаланылган ыплас саясий технология президенттик шайлоодо дагы курчушу ыктымал, бирок бул кандайдыр бир революцияны шарттабайт. Бул технология мындан 3-4 жыл мурда Батышта ойлоп табылган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо мыйзамдуу өттү деген пикирин ушул эле күнү өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан элдери ассамблеясы менен Жергиликтүү жамааттар конгресси да билдирди.

XS
SM
MD
LG