Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

БУУнун башкатчысы палестин лидери менен кездешти


Жакынкы Чыгышка иш сапары менен барган Кофи Аннан жекшембиде Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен сүйлөшүү өткөргөн эле. Ал эми жекшембиде Раммалада Махмуд Абасс менен жолуккандан кийин Аннан мындай деди:

-Мен палестин президенти менен чөлкөмдөгү кырдаалды жана жүрүп жаткан жараяндарды, биринчи кезекте Израилдин Газа секторунан кетишин, Иордандын Батыш жээгиндеги беш шаардын палестиндерге өткөрүлүп берилишин талкууладым. Мунун баары жакында ишке ашат. Ушул эле темаларды мен жекшембиде премьер- министри Ариэль Шарон менен талкуулагам. Уккан нерселерден улам көңүлүм кыйла көтөрүлдү.

Кофи Аннан ошондой эле тынчтык орнотуу үчүн эл аралык коомчулук эки тарап менен тең иштешүү ниетинде экенин кошумчалады. БУУнун башкатчысынын визитин көпчүлүк Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянынын жаңы учуру катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG