Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Палестинанын куралдуу топтору Израил менен аткылашууну токтотуунун жолдорун талкуулап жатышат


Палестина автономиясынын 13 куралдуу тобунун өкүлдөрү Египеттин баш калаасы Каирге Израил менен атышууларды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатында келишти. Палестин лидери Махмуд Аббас да бул сүйлөшүүлөргө кийинчерээк кошулат. Өткөн жумада президент Аббас бул сүйлөшүүлөр касташкан тараптар ортосунда атышууну токтотууга жардам берет деп ишенээрин айткан. Бирок Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон дүйшөмбүдө айткандай, бири-бирине ок чыгарууну токтотуу жетишсиз. Ал палестин лидерин радикал топторду толугу менен куралсыздандырууга чакырды. Бүгүн Израилдеги радио кабарлагандай, жакынкы күндөрү Иордандын батыш жээгиндеги 3 шаар Палестинага өткөрүлүп берилиши керек.

XS
SM
MD
LG