Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Эл аралык трибуналга дагы бир күнөөкөр колго түшүп берди


Босниялык серб армиясынын мурдагы офицери Драго Николичти Гаагадагы трибунал тукумкурутчулардын тизмесине киргизип, издөө жарыялаган. 1995-жылы Сребреница шаарында босниялык сербдердин армиясы сегиз миңдей мусулманды боо түшүрө кырып салган. Николич ошол кыянатты уюштургандардын бири деп эсептелинет. Николичке чейин босниялык мусулмандардын мурдагы аскер башчысы Расим Делич менен Косовонун экс-премьери Рамуш Харадинай Гаагадагы трибуналга өздөрү келип,колго түшүп беришкен болчу.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Эсенбай Нурушев даярдады.

XS
SM
MD
LG