Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Базаркоргондо коопсуздук штабы түзүлдү


БИШКЕК. Жалалабат облусундагы Базаркоргон райондук администрациясын 16-марттан бери ээлеп алган атуулдар 18-мартта президентке жана элге кайрылуу кабыл алышты. Анда президент Аскар Акаев кызматтан кетсин, айыл өкмөт башчыларына ишеним кетти, жергиликтүү бийлик алмашсын, паспорт системасы жөнгө салынсын, райондо миграция бөлүмү түзүлүп, дыйкандарга камкордук көрүлсүн деген талаптар коюлду. Ал жерге чогулган атуулдар мындан тышкары райондук администрация имаратындагы мүлк талкаланды деген айып коюлбас үчүн коомдук мүлктү сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу штабы түзүлдү. Мындай маалымат «Атамекен» партиясынын Жалалабат облусундагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевден алынды. Анын билдирүүсү боюнча, администрация алдына чогулган атуулдардын саны бул күнү 450 болду. Ал эми облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси Өмүрбек Эгембердиев чогулгандардын саны 100дөн ашкан жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG