Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

Индиядагы кыргыз элчиси билдирүү таратты


БИШКЕК. «Мен Кыргызстанда алдоо жана кемсинтүүгө каршы көтөрүлгөн элди толугу менен колдойм» деп айтылат Кыргызстандын Индиядагы элчиси Бакыт Бешимов тараткан кайрылууда. Бешимовдун пикиринде Кыргызстанда олуттуу саясий кризис болуп жатат жана ал бийликтин шайлоо боюнча өз убадасын аткарбаганынан келип чыкты. Элчи элдин толкундоолорун үй-бүлөлүк - кландык башкаруу орногондугу жана элди алдоо менен байланыштырып, өкмөттү, БШКны, Конститутциялык жана Жогорку сотторду кызматтан кетирүүнү, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган аракеттерди колдой тургандыгын билдирген. Кыргызстандын Индиядагы элчиси Бакыт Бешимовдун билдирүүсүнө караганда, тартип коргоо органдары чыр-чатактарды тынчтык жол менен чечүүгө кепил болуп, коррупцияланган бир ууч башчылардын эмес, элдин кызыкчылыгын коргошу керек.

XS
SM
MD
LG