Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

АРАБ ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ ДЕМОКРАТИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде кээ бир араб өлкөлөрүндө орчундуу демократиялык өзгөрүүлөр башталды жана бир топ байкоочулар аны АКШ жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан жаңы аракеттердин жыйынтыгы деп эсептейт. Анткен менен кээ бир башка эксперттердин пикиринде, АКШнын кийлигишүүсү жок деле араб өлкөлөрүндө демократия баары бир башталмак.

АКШ президенти болуп шайлангандан кийин Жорж Буш өзүнүн экинчи президенттик мөөнөтүн дүйнөгө эркиндикти жайылтуу аракеттерине арнай турганын билдирген:

- Биздин өлкөдөгү эркиндиктин тагдыры башка мамлекеттердеги эркиндиктин жеңишине дагы көз каранды. Ошондуктан дүйнөдө толук тынчтык орнош үчүн дүйнөгө эркиндикти таратыш керек.

Араб өлкөлөрүнүн ичинен Мисир жана Сауд Арабия менен АКШнын байланыштары илгертен эң жакшы жана акыркы мезгилде дал ушул өлкөлөрдө бир топ жаңы демократиялык өзгөрүүлөр башталды. Жыйырма төрт жылдан бери Мисирди башкарган президент Хосни Мубарак жакында атайын чечим кабыл алып, мындан аркы президенттик шайлоого бирден ашык талапкер катышууга тийиш деп чыкты. Буга чейинки бардык шайлоого ал өзү гана катышчу.

Сауд Арабия падышалыгында болсо февралда өлкөнүн тарыхындагы алгачкы шайлоо өткөрүлдү - кээ бир аймактарда жергиликтүү бийлик шайланды жана дагы жаңы шайлоо болоору күтүлүүдө. Кошуна Иракта 30-январда парламенттик шайлоо болуп өттү. Ливанда бир айдан бери көбүрөөк демократия талап кылган митинг-демонстрациялар өтүүдө, Израил менен Палестина ортосунда дагы жаңы сүйлөшүүлөр башталды. Бул окуялардын баарын кошуп караганда, көп жылдарга уланган авторитаризмден араб өлкөлөрү ойгонгон сыяктуу жана кээ бир эксперттер аны "Араб жазы" деп атап, анын себебин АКШнын жаңы тышкы саясатынан көрөт.

Ливандык укукчу Надине Ганемдин пикиринде, акыркы мезгилде Ливанда болуп жаткан окуялар АКШнын тышкы саясаты менен түздөн-түз байланыштуу:

- АКШ өзүнүн тышкы саясатын өзгөрткөнү, менин оюмча, абдан жогору мааниге ээ. АКШнын таасири абдан күчтүү, анткени ал эркин дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкө.

Дубайи шаарында иштеген канадалык эксперт Мохамед Фадел Фахминин айтымында дагы Мисир менен Сауд Арабиядагы өзгөрүүлөр Вашингтондун басымысыз башталмак эмес, бирок карапайым калк демократияны эңсейт:

-Эл көптөн бери демократияны эңсеген жана Сауд Арабия менен Мисирде чыныгы кыймыл башталды. Ливияны эсепке албаганда, башка араб мамлекеттеринде көчөдө, маалымат каражаттарында кыймыл башталды.

Анткен менен башка пикирлер да бар, мисал үчүн мисирлик укукчу Ания Рифааттын айтымында, биринчиден, АКШнын кийлигишүүсүз деле араб дүйнөсүндө демократиялык өзгөрүүлөр баары бир башталмак, Вашингтон болсо аларды жөн гана ылдамдатты. Экинчи жагынан, Батыш кийлигишүүсүнүн баары эле оң натыйжа бербейт:

- Батыштын кийлигишүүсүн мен көп жактырбайм, демократиялык өзгөрүүлөрдү арабдар өздөрү, эч кимге көз каранды болбостон баштаса жакшы болмок, анткени Батыш жана өзгөчө АКШнын өз ою, өз максаты бар.

Анткен менен бардык эксперттердин пикиринде, Жакынкы Чыгышта демократиялык өзгөрүүлөр башталганынын өзү - ал кимдир бирөөнүн кийлигишүүсү мененби, же өз алдынча болуп жатабы - кандай болгон учурда дагы оң көрүнүш.

XS
SM
MD
LG