Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:44

БАТЫШ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ОКУЯЛАР ТУУРАЛУУ


Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө өзгөчө 20-марттан кийин көп жазылып, айтыла баштады. 22-мартта жарык көргөн кээ бир басылмаларды барактап көрсөк, маселен, Францияда чыгуучу "Le Mond" гезити “Аскар Акаев: унутулган убадалар” деген аналитикалык макаланы басып чыкты.

“Кыргыз президенти Аскар Акаев көпкө чейин постсоветтик Борбор Азияда эң либералдуу жетекчи катары бааланып жүрдү”, - деп башталат бул макала. Андан ары өлкөдөгү экономикалык абалга баа берилип, орустардын “Новая газетасынан” цитата келтирилет: “Акаевдин башкаруусунда Кыргызстан дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бирине айланды. Анын бир эле жетишкендиги бар – өлкөнүн эбегейсиз тышкы карызы президенттин белгилүү күлкүсүнө барабар”. Макалада Акаевдин балдары депутаттыкка шайлангандыгы жөнүндө, күйөө баласы Кыргызстандагы ири бизнести көзөмөлдөп турганы жазылат.

*****

Ушул эле гезит 21-март күнкү санында Ош менен Жалалабатта миңдеген киши Акаевдин отставкасын талап кылып демонстрацияларга чыгышты деп жазган. Оппозиция президент Акаев менен сүйлөшүүлөргө баруунун келечегинен күмөн санайт. «Акаев бизге аны менен түздөн түз сүйлөшүүнү сунуш эткен жок. Биз президент менен гана сүйлөшөбүз деди Курманбек Бакиев», - деп улантат «Le Mond» гезити. Андан ары Евробиримдиктин тышкы байланыштар комиссары Бенита Валднер-Ферреронун дүйшөмбү күнү айтылган сөздөрү келтирилет. Бурмаланган шайлоонун натыйжасына күбө болуп жатабыз, - дейт шаркеттин өкүлү.

*****

Италиянын «Corriere della Sera» гезити 22-мартта Кыргызстан жарандык согуштун босогосунда турат деп жазды. Бул басылма Жалалабат шаарынын милициясына шилтеме берип, демонстранттар менен ички иштер бөлүктөрүнүн кагылышуусунда онго жакын киши набыт болгонун маалымдайт. Байкоочулардын айтымында, оппозициянын бийликти алууга чамасы чектелүү, себеби алар борбор шаар Бишкекте элди мобилизациялай албайт, - деп жазат «Corriere della Serra».

*****

“Өкмөткө каршы чыккан демонстранттар Оштогу акимчиликти кайрадан ээлеп, жергиликтүү милициянын колдоосуна ээ болуп, маанилүү жеңишке жетишти”, - дейт 22-мартта жарык көргөн санында «New York Times» гезитинин кабарчысы Кристофер Пала.

Өлкөнү 15 жылдан бери башкарган Акаев кеңири кулач жайган коррупция жана тууганчылык үчүн сындалып жүрөт. Анын эки баласы жаңы эле өткөрүлгөн шайлоодо депутаттык мандат алышты. Өткөн аптада Ошто жергиликтүү бийлик жайгашкан имарат демонстранттар тарабынан алынган. Бирок дүйшөмбүдө алар милициянын жардамы менен акимчиликтен сүрүлүп чыккан. Натыйжада 30дан ашуун киши ооруканаларга жеткирилди, деп баяндайт гезит Кыргызстандагы окуяларды.

*****

«Washington Post» болсо13-мартта шайлоонун экинчи туру өткөрүлгөндөн кийин оппозиция Акаевдин тарапкерлерине утулуп калганы айкын болду деп жазат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн билдирген.

Бир нече аптадан бери демонстранттар жолдорду тосуп, кээ бир талапкерлердин шайлоого катыштырылбай койгондугуна, өкмөт тарабынан жасалган бурмалоолорго каршы нааразылыгын билдирип келатышат. Оппозиция Акаевди жаңы парламентти Конституцияны кайра карап чыгып, анын жардамы менен өз мөөнөтүн узартып алууга пайдаланат деп күнөөлөп жатат, - деп жазылат «Washington Post»тун 22-марттагы санында.

*****

Кыргызстандагы окуялар жөнүндө ири басылмалардын бири калбай жазышууда. Алардын баардыгы жөнүндө айтып берүү үчүн убакыт жетпейт. Андыктан мен аларды кыскача эле атай кетейин: «Файненшнл таймс» кыргыз президенти демонстранттарды тынчытууга аракеттенүүдө, «Гардиан» шайлоонун жыйынтыктарына каршы чыккан эл Кыргызстандын экинчи шаарын контролго алды, «Уол Стриит Жорнэл» кезек Кыргызстанда, «Дэйли Телеграф» Кыргызстанда ыңкылап башталды, «Либерасьон» кыргыз оппозициясы революциянын тынч өтүшүн каалайт, «Ле Фигаро» нааразылык күчөөдө деп жазышты.

«Интернешнл Херальд Трибюн» гезити болсо алдыңкы бетине Оштогу демонстранттардын, экинчи бетине демонстранттар Акаевдин портретин тебелеп жатышканы тартылган сүрөттөрдү жайгаштырыптыр.

Ал эми теле жана радиоканалдарды алсак, дүйшөмбүдө СНН, Евроньюз, ББС өңдүү каналдар Кыргызстандагы кырдаалды топ ньюз – же күндүн башкы темасы катары чагылдырып жатышты. Айрым улуттук каналдар дагы, чехтердин мамлекеттик ЧТ-1 сыналгы каналы, Италиянын Раи Уно, Франциянын ТВ-5 каналы дагы Кыргызстандагы кырдаал тууралуу кеңири маалымат беришүүдө.

******

XS
SM
MD
LG