Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

Кыргызстандын жаңы парламенти 22-марттагы алгачкы сессиясында өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизүү демилгесин көтөрдү. Бул боюнча атайын токтом кабыл алып, аны президентке сунуш кылды. Бирок парламенттин мындай демилгесин кыргыз саясатчылары менен коомчулугу колдогон жери жок.

Чындыгын айтканда, алгачкы жолу сессияга келген депутаттардын көбү адегенде күн мурунтан даярдалган токтомдун долбоорун колдоорун же каршы болорун аңдабай турганы менен, анын өзгөчө кырдаал киргизилсин деген пунктун колдоп 46 депутат добуш берди. Төрт гана депутат келе калып эле бүтүндөй мамлекеттин тагдырын таразалай турган катуу чечимди кабыл алуунун зарылдыгы жок дешип, каршы болушту. Токтом долбоорун колдогон депутаттардын бири Бермет Акаева мындай деди:

- Биз бул жерде өлкө президентине өзгөчө кырдаал киргизүү маселесин карап көрүүнү сунуштап гана жатабыз. Чынында бул биздин округдарыбыздагы миңдеген шайлоочуларыбыздын каалоосу гана. Бул токтом менен эле өзгөчө кырдаал киргизилбейт,токтомго шайлоочуларыбыздын тынчсыздануусу гана жазылды.

Депутаттардын сунушу боюнча акыркы чечимди президент кабыл алат.

Парламенттин мындай сунушу коомчулукта дароо карама-каршы пикир жаратты. «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасы Курманбек Бакиевдин айтымында, жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз берген жагдай жок:

- Өзгөчө кырдаал киргизе турган зарылчылык жок. Эч бир жерде тополоң болгон жок. Ош, Жалалабат облустарынын эл шайлаган облустук элдик кеңештин төрагалары бардык тармакты көзөмөлгө алган. Талаш-тартыш болуп жатат, банктарды карактап жатышат деген маалыматтардын баары жалган, ушак. Бардык иш тартип менен өз ирээти менен жүрүп жатат. Ошондуктан өзгөчө кырдаал киргизе турган абал түзүлгөн жери жок.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов өзгөчө кырдаалды киргизүү чечимин кабыл алуудан мурун бийлик кырдаалды ар тараптан иликтөөгө милдеттүү деп билдирди. Анын айтымында, эгер президент парламенттин бул сунушун колдой турган болсо элдин нааразылыгын ого бетер курчутушу ажеп эмес:

- Кырдаалды толук иликтеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй туруп эле өзгөчө ахыбал киргизебиз деген бул - жоопкерчиликсиз саясат. Элден мурун ошол эл менен жок дегенде бир жолу жеткиликтүү деңгээлде сүйлөшүү керек да! Азыр күч колдонууга эч болбойт. Эгерде күч колдонуп, бир эле жолу кан төгүлө турган болсо элдин мындан көп катмары нааразылык акцияларына чыгып, процесс таптакыр көзөмөлдөн чыгып кетиши толук мүмкүн.

Ал эми «Атажурт» кыймылынын мүчөсү Дүйшөнкүл Чотоновдун айтымында, жаңы парламент алгачкы чечими менен эле бийликтин бардык каалоосун илгиртпей аткара турган тил алчаак парламент экендигин айгинелеп койду:

- Парламент биринчи жолу чогулганда эле өзүнүн саясий жүзүн көрсөттү. Биз мурда айткандай «чөнтөк парламент» десек, чынында «төшөк парламент» экендигин көрсөттү. Кечээ эле элдин артынан жалынып чуркап, элдин добушун акчага сатып алган адамдар өз элине каршы өзгөчө кырдаал жарыялап, саясий абалды ого бетер курчутуп, атуулдук согушка чейин алып барууга даяр парламент экендигин айгинеледи.

Өлкө калкынын калың катмары парламенттин өзгөчө кырдаал киргизүү сунушунан али кабарсыз. Анткен менен андан кабары бар адамдардын көбү өзгөчө кырдаал киргизүүгө зарылдык жок деген пикирде. Алардын бири - Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин айтымында, өзгөчө кырдаал киргизүүдөн мурун бийлик жаалданган элдин ызасын угуп, кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга жана сүйлөшүүнү илгиртпей жүргүзүүгө милдеттүү:

- Мунун бир гана жолу бар. Ал – сүйлөшүү. Алардын жетекчилерин бул жерге чакыруу же ал жакка барып, аянтка чыгарып, колуна микрофонду берип талабыңды айтчы деп угуу керек. Эгер дөөрүй турган болсо дөөрүп жатасың деп айтуу керек. Эгер коюп жаткан талаптары жөндүү болсо кабыл алуу керек. Алар укпайт деп, булар сүйлөшпөйт деп нааразы болуп жатышат. Менин оюмча, сакалдуу-көкүлдүүлөрдү алып барып тезинен сүйлөшүү керек. Тигилер өздөрүнчө күпүлдөп, булар өзүнчө күпүлдөп, эки ортодо эл кыйналып жатат…
XS
SM
MD
LG