Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:40

ОБСЕ Кыргызстандын түштүгүндөгү бийликти калыбына келтирүүнүн жоопкерчилигин оппозицияга жүктөдү


БИШКЕК. ОБСЕнин Кыргызстандагы атайын өкүлү Маркус Мүллер Кыргызстандын түштүгүндө бийлик жана милиция иштебегендиктен, өтө опуртал жагдай түзүлгөнүн билдирди. Рейтер агенттигине берген интервьюсунда Мүллер тартипти толугу менен калыбына келтирүүнүн жоопкерчилигин оппозиция өзүнө алууга тийиш, деп билдирди.
ОБСЕнин өкүлү ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жаңжалда бир да тарапты колдобой турганын айтып, азыр башкы милдет - акыбалды ырбатып жибербөө, деп баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG