Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:05

Президент айрым оппозиционерлерди жана депутаттарды кабыл алуудан баш тартты


БИШКЕК. 23-мартта Бишкекте «Хайат» мейманканасында оппозициянын жана парламенттин айрым өкүлдөрү, саясатчылар жолугуп, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулашты. Ага саясатчылар Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Мелис Эшимканов, парламенттин депутаттары Жантөрө Сатыбалдиев, Кубатбек Байболов жана башкалар катышты. Жолугушууда президент Аскар Акаевге өкмөттү отставкага кетирүү, сот, прокуратура, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилерин, губернаторлорду кызматынан кетирүү, үч айдын ичинде президенттик шайлоону өткөрүү, талаш-тартыштуу чечилген округдарда кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү талаптарын коюунун абзелдиги тууралуу макулдашылды. Жогорку Кеңештин он чакты депутаты жыйындан соң мындай талаптарды билдирүү үчүн президент Аскар Акаевге жолугушуу максатында Ак үйгө барышты. Алар премьер-министр Николай Танаев жана президенттик адиминистрациянын башчысы Тойчубек Касымов менен кездешкени менен аларды президент Аскар Акаев кабыл алуудан баш тарткан. Ал эми оппозициялык көз караштагы айрым саясатчылар мындай кадамы менен Акаев өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууга аракет жасабай жатканын көрсөттү деп баалашты.

XS
SM
MD
LG