Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Кыргызстанга Орусиядан делегация келет


БИШКЕК. 30-мартта Кыргызстанга Орусиянын өкмөттүк делегациясынын келиши күтүлүүдө. Мындай маалыматты “Эхо Москва” үналгысы таратты. Ушул тапта Бишкекте ырасмий эмес сапар менен жүргөн Орусиянын мамлекеттик думасынын коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Александр Хинштейн “Орусиянын өкмөттүк делегациясынын келиши тууралуу азырынча Бишкек атайын чечим кабыл алган жок. Бирок Орусиянын мамлекеттик думасынын бир нече депутаттары шаршембиде Бишкекке келе турган болушту”,-деп билдирген. Ал ошондой эле шаршембиде Бишкекке Орусия өкмөтүнүн айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү келишип, Кыргызстанга жардам берүү маселесин талкуулашаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG