Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

КУЛОВДУН ТҮРМӨДӨН БИРОТОЛО ЧЫГААР-ЧЫКПАСЫН ЖОГОРКУ СОТ ЧЕЧЕТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 24-март күнү ыңкылапчылар өкмөт үйүн ээлеп алгандан кийин Феликс Куловду бошотууга дароо өкүлдөрдү жөнөтүшкөн. Жазаны аткаруу башкармалыгы Бишкек СИЗОсун басып алабыз деген элдин толкунун басыш үчүн түрмөдөн Феликс Куловду ошол замат чыгарууга мажбур болду. Куловдун мындан аркы тагдыры кандай болот – аны башкы прокуратура менен Жогорку сот чечет.

Өкмөт үйүн басып алган ыңкылапчылардын арасынан 500дөй адам Феликс Куловду дароо бошотушпаса Бишкек СИЗОсун басып алабыз деп жөнөшкөн. Аларды ошол жерде турган саясатчылар жана Куловдун ишине байланыштуу абакта отуруп чыккан каскадер Үсөн Кудайбергенов кармап турушкан.

Бишкек СИЗОсунда өлүм жазасына кесилгендер жана айрым коркунучтуу кылмышкерлер кармалып турганын эске алганда башаламандык болуп кетсе бишкектиктер мындан да коркунучтуу күндөрдү баштан кечирмек.

Жазаны аткаруу башкармалыгы ошол кырдаалда баарынан дагы абактардагы башаламандыктан чочулаганы түшүнүктүү. Өкмөт үйү ээленип, өлкөдө төңкөрүш болгонун уккандан кийин абактагылар да төңкөрүш жасоого аракет кылуу коркунучу бар болчу. Ошол учурду Үсөн Кудайбергенов мындайча эскерет:

- Ошол маалда толтура адам колонияга Феликс Куловду бошоткону барабыз деп калышты. Кантип, ал жакта миңдеген кылмышкерлер жатат да деп чочудум. Бирок бул элди токтото албасымды түшүндүм дагы, алардан озунуп жазаны аткаруу башкармалыгына жөнөдүм. Владимир Носовго кырдаалды түшүндүрдүм. Экөөбүз Феликс Кулов кармалып турган колонияга жөнөдүк. Анын артынан башкалар да жөнөйт деп чочулап турду. Бирок абактагылар менен мен сүйлөшөм, башаламандык болбойт деп мен тил кат жазып бердим. Колонияга барганда Феликс Кулов “бул деген мыйзамга туура келбейт, мен бул жерден чыкпайм” деп болбой атты.

Алгач ошентип Феликс Кулов абактан чыгуудан баш тарткан. Бирок колонияны көздөй 500дөй адам келатканын укканда, боштондукка чыгарылбаса Бишкек СИЗОсун басып алуу ультиматуму коюлуп жатканын билгенден кийин бир чечимге келүүгө аргасыз болду.

Феликс Кулов өлкөдө кырдаал жөнгө салынгандан кийин кайрадан колонияга кайтып барып, аны актаган соттун чечимин күтөөрүн билдирди. Феликс Кулов ушул күндөрү БУУнун адам укуктары комитетинин бүтүмүн да күтүп жатат:

- 40 баракка менин укуктарым кандайча качан бузулганын жазып туруп жөнөткөнбүз. БУУнун адам укуктары комитети караса, бул маселеге Жогорку сот кайрылса менимче жыйынтыгы белгилүү болот, - дейт Феликс Кулов.

Адвокат Любовь Иванова Башкы прокуратурага тиешелүү документтерди жөнөттү. Башкы прокуратуранын бүтүмү колго тийгенден кийин Жогорку сотко Феликс Куловду боштондукка чыгаруу жөнүндө арыз берилмекчи.

“Арнамыс” партиясынын төрагасы Эмил Алиев билдиргенге караганда, партияга Феликс Куловдун акталышын талап кылган каттар келип жатат:

- Феликс Куловдун түрмөгө кайра барам дегенин уккандар кат жазып атышат. Алар тез арада акталышын талап кылып парламенттин жана башка органдардын атына кайрылып жазышууда. Феликс Кулов өлкөнү башаламандыктан сактап калыш үчүн гана чыгууга аргасыз болду. Ал киши мыйзам жаман мыйзам болсо да, аткарылышы керек деген принципти карманат.

Сокулук райондук соту жана Жогорку сот Феликс Кулов ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин абакта отурушу керек деген чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG