Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

БИЙЛИК АЛМАШЫЛДЫ, ПРЕЗИДЕНТ КАЧТЫ, ЖАҢЫ ПАРЛАМЕНТ ИШКЕ КИРИШТИ


Шейшемби күнү жарыкка чыккан мезгилдүү басылмаларда 24-марттагы ыңкылап, бийликтин жаңыланышы, Бишкек шаары башынан кечирип аткан кыйынчылыктар, бийликти колго алган оппозициянын алгачкы аракеттери чагылдырылууда.

Көчөдө топтолгон караламан элден коркуп отурушкан жаңы парламенттин депутаттары мыйзамдуу шайланышканын Ф.Кулов жарыялаганын угуп толкундангандан тура калып кол чаап жиберишти, деп кабарлайт шейшембидеги «Аалам» гезити.

«Муну укканда Азимбек Бекназаров жарылып кете сактады. «Урматтуу Феликс мырза, сизди алдагы трибунага ким алып келип чыгарды?» деди. Ошондо эсине келе калган Феликс: «Эми элди көтөргөндөрдү каматам деп жатам. Мен муну жөн эле сөз арасында айттым» деп алдастай баштады», деп жазат Мырза Кубат.

Кечээ эле «үй-бүлөнү» асман-айга жеткире мактаган арзыматтар бүгүн Ф.Куловго кошомат айтып турушту, дейт макала автору.

Ушул эле гезит талкаланган Акүй кимдин эсебинен оңдолушу керек, деген суроо коюп момундай пикирди алдыга жаят. «Эл оозунда баарынын башында Сурабалдиев, Жолдошбаев, Субанбердиев, Алмакүчүков, Кангелдиевдер турган дешүүдө. Эмне үчүн ачык айтыла элек? Булар акчалуу адамдар», дейт Кадырбек Айтбаев.

«Элдик бийликтин башына элдин уулу Бакиев келди» деп жар салат шейшембидеги «Эркинтоо» гезити.

«Ошентип көктөм менен көпчүлүк күткөн элдик бийлик орноду», деп жазат Эсенбай Калдаров. «Кээ бирлери муну «революция» дешсе, айрымдары «төңкөрүш» деп чыгууда. Негизинен кандай сөз менен айтсак да, калайык-журтубуздун кабак-кашы менен маанайына жарашкан жаңы бийлик келип, беш күндөн бери бешенебизге жазган улуу майрамды өткөрүп жаткан улуу-кичүү журтчулугубуз эгемен Кыргызстаныбыздын эртеңки күнү үчүн «жакшы тилек – жарым ырыс» дегендей, тебетейибизди асманга ыргытып, тең караган, акыйкат тескеген бийликке ээ болдукпу деп биригип жаткан кезибиз», деп жазат макала автору.

«Кыргыз туусу» гезити шейшембидеги санында «Бийлик кулатылды, президент качты» деп жар салат. Ушул эле гезит бийлик эмне үчүн кулады деп суроо коюп, биртоп инсандарга айрылган. Кыргызстандын мамлекеттик тил комиссиясынын төрага орунбасары Т.Жумагулов элден алыстаган бийлик иллюзияга алданып, жаштардын кысымына туруштук бере алган жок, деп жазса, академик Б.Орузбаева коррупцияга батканы үчүн деген жообун берген. Драматург М.Тойбаевдин пикири боюнча, президенттин ишине үй-бүлөсү киришип, тегерегине кошоматчыларды топтоп алганы бийликтен кетишине себеп болду.

25-мартка караган түн бизди башкача түргө алып келди, деп жазат шейшембидеги «МСН» гезитинде саясат таануучу Атай Мекенов. «Ак шапкечендерди көргөндө менде кооптонуу пайда болчу болду», дейт макала автору.

Журналист Рина Приживойт бийликке кимдер келип, кимдер кетип атканына сереп таштап азыркы өкмөт башчыга каршы парламент спикери коюлуп жатканына токтолот. Оппозициянын эки өкүлүнүн тирешинен алыста отуруп алып эле качып кеткен президент А.Акаев кубанат. Кыргызстанда азыр эки саясий ишмердин баркы жогору, деп белгилейт макала автору. К.Бакиев менен Ф.Куловдун мамилеси кандай болору алдыда болчу президенттик шайлоонун тагдырын чечет. Азырынча болсо жаңы парламент шайлоосундагы талаштуу деп таанылган округдардагы шайлоо чатагы сот аркылуу чечилип, бирдаарында кайрадан шайлоо өтмөкчү. Парламент шайлоонун чатагы толук чечиле электе Эл өкүлдөр жыйынынын чечими менен 26-июнга президент шайлоо белгиленди.

Социал-демократиялык партиянын жетекчиси Алмаз Атамбаев 24-марттагы бийлик алмашуусу элдик революция болду деген пикирде. Анын маеги гезиттин шейшембидеги санында жарыяланды. Жаңы бийликке мурда сөз эркиндигин, адам укугун бузган чиновниктерден да кирип кеткенине камтама болгонун Кыргызстан Акыйкатчысы билдирген. Ал К.Бакиев менен Ф.Куловго кайрылуу жолдогон.

Жаңы парламент ишке киришкенин, анын төрагасы Ө.Текебаев аркыл саясий күчтөрдүн катышуусу менен мамлекеттик комиссия түзүлө тургандыгын билдиргенин шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити кабарлады. Мамлекеттик комиссия формалдуу түрдө кызматынан алына элек президент А.Акаев менен байланышка чыгып, анын арызын алуусу керек, деп эсептейт Ө.Текебаев.
XS
SM
MD
LG