Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Таластыктар эски бийликти тез алмаштырууну айтышууда


ТАЛАС. Парламенттик шайлоодон кийин Таласта элдин эки жаат болуп бөлүнүүсүн эски бийлик жөнгө сала албай жатат. Анткени ыплас иштин башталышында бийлик өзү турган. Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясынын Талас аймактык бөлүмү уюштурган “тегерек үстөл” талкуусунда ушундай жыйынтык чыгарылды. Өкмөт үйү каалаган талапкерлерди өткөрүү үчүн Таластагы бийлик бардык мыйзамдык чараларды көрүп, элди экиге бөлгөндүгү айтылды. №54 округдан эл каалаган талапкер жеңди. Эми бул аймактын шайлоочулары аларга убагында кысым көрсөткөн жетекчилер иштен кетсин деп талап кылып жатышат. Бирок ыплас иштердин башында турган райондук бийлик эл талабын калыс чечкенге жарамсыз болууда. Тескерисинче, №55 округда жеңилип калган талапкердин шайлоочуларын жеңиш биздики болду деген бийлик куугунтукка алганын токтоткон жок. №56 округда да жеңиш бийлик тарапта болгондугу айтылды. Талкуу соңунда анын катышуучулары жаңы парламентке, өкмөткө Таластагы эски бийликти тезирээк алмаштырбаса, эл толкуну кайра чыгышы мүмкүн деген кайрылуу кат жөнөтүштү.

XS
SM
MD
LG