Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Комитет төрагалары шайланууда


БИШКЕК. 1-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары комитет төрагаларын шайлоого киришти. Алгачкы маалыматтар боюнча, Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет төрагалыгына Камбаралы Конгантиев, коопсуздук жана коргонуу комитетинин башчылыгына Тынычбек Акматбаев шайланды. Калган беш комитеттин төрагаларын шайлоо уланууда. Конституцияда белгиленгендей азыркы парламентте жети комитет болот. Жума күнү парламент өзүнүн аппарат башчысын да шайлап алды. Төрага Өмүрбек Текебаевдин сунушу боюнча бул кызматка Ашырбек Темирбаев шайланды. Ал 10 жылдан бери Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеп келат.

XS
SM
MD
LG