Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Депутаттын шайлоочулары пикетке чыгышат


БИШКЕК. 3-апрелде №55 Бакайата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Иманалиевдин бир миңге чукул шайлоочусу дүйшөмбү күнү өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышат. Бул тууралуу Иманалиевдин шайлоочулары телефон аркылуу кабарлашты. Алардын айтымында, шайлоочулар Бакайата райондук сотунун 1-апрелдеги чечимине нааразы. Анткени, аталган сот 30-мартта
Иманалиевдин атаандашы Равшан Жээнбековдун арызын 24-мартта берди деп кабыл алып, 1-апрелде канааттандырган. Равшан Жээнбеков арызында Жусуп Иманалиев шайлоочулардын добушун сатып алып, мыйзамсыз шайланды деп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Жогорку Сот Жээнбековдун ушундай эле арызын 22-мартта карап, аны жокко чыгарган. Жусуп Иманалиевдин айтымында, шайлоочулар райондук соттун Жогорку Соттун чечимине каршы аракетке барганы нааразы кылууда:Себеби,Жогорку Соттун чечимин эч ким буза албайт. Бирок, райондук сот ишти кайра алып карап жатат. Бул өлкөдө мыйзамсыздыкты көрсөтүп турат. Тартип болбосо мындай башаламандыктар токтобойт го!. Ал эми Равшан Жээнбеков сотко кандай ниет менен кайрылгандыгын билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG