Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

А. АКАЕВ МАМЛЕКЕТТИК КАМКОРДУКТУ КААЛАЙТ


Бекташ Шамшиев, Бишкек. А.Акаев президенттик кызматтан кетерин ырастаган арызын жазар алдында жаңы бийликтен үй-бүлө коопсуздугун кепилдөөнү, экс-президент тууралуу мыйзамда белгиленген мамлекеттик шарттардын түзүлүп берилишин талап кылды. Кысталыш кырдаалда кызматын таштап кеткен мамлекет башчысына мамлекеттик сый-ургалдын көрсөтүлүшү аркыл пикирлерди жаратууда.

А.Акаев 24-марттагы элдик кыймылдын жаалынан чочуп үй-бүлөсүн убагында Москва жанындагы жайлуу жерге жайгаштырган соң маалымдоо каражаттарына байма-бай чыгып өзүн мыйзамдуу мамлекет башчысы экенин ырастоо менен алек болду. Бийлик күч менен басылып алынып, аны радикал оппозиция уюштурганын маалым кылды. Мындай кысталыш шартта үй-бүлөсүн алып карабашын калкалкап качып чыккандан башка арга калбагандыгын билдирди. Мамлекет тагдыры колуна тапшырылган жетекчинин антип кызматын таштап кетиши азырынча укуктук баасын алалек.

Жаңы өкмөт өлкөдөгү социалдык-саясий жагдайды калыбына келтирүү менен алектенсе, жаңы парламент А.Акаевден кызматын таштап кеткендигин ырастаган арызын жаздыртып алуу аракетин жасап келди. Анын акыбети кайтып 4-мартта президент кызматын тапшыра тургандыгын ырастаган арызын жазып берди. Акысына үй-бүлө коопсуздугун, өзүнө болсо экс-президент тууралуу мыйзамда белгиленген мамлекеттик камкордуктардын сакталышын талап кылды. Муну ал «Азаттык» үналгысына берген маегинде да ырастаган.

Антип экс-президенттин үй-бүлөсүнүн коопсуздугунун сакталышына өзгөчө кабатырланып атышынын жөн-жайы А.Акаевдин уулу менен күйөө баласынын ишкердиги, өлкөдөгү кирешелүү делген тармактардын кыйласын ээлеп алышканына барып такалат. Көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан маселе жаңы өкмөттүн көз кырында экенин вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов ушу тапта үй-бүлөгө тиешелүү мүлктөр такталып, иликтенип жатканын билдирди.

- Албетте, андай ишканалардын тизмеси бизде бар. Алардын менчик формасы кимге тиешелүү экенин тактоо тийиштүү кызматтарга тапшырылды. Бул ишканалардын уставдагы капиталы, үлүшү, акциялары биз чечим кабыл алганга чейин өзгөртүлбөшүн талап кылдык. Ал менчик ээсин өзгөртүү, сатып ийүү, алмаштырууга бөгөт коюу максатында жасалды. Ишканалар баштагысындай эле иштей берет. Бул биринчиси. Экинчиси, бул ишканалардын акчасы офшордук аймактарга кетпесин үчүн чараларды көрдүк.

Данияр Үсөнов азырынча президенттин үй-бүлөсү өлкө экономикасынын канча пайызына ээлик кылып келгени тактала электигин, убакты-сааты келгенде анын баары айкындалып, элге жарыя кылынарын маалымдады. Ушундай эле пикирин башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун да билдирген жайы бар.

«Аалам» гезитинин саясий баяндамачысы Кенжаалы Сарымсаков жаңы парламент А.Акаевге байланышкан иштерди мыйзамдык нукка салуу аракети менен алектенип чалкеш маселени чийки чечүүдө деген пикирде.

- Президент бул жакка келсе, экс-президент тууралуу мыйзамда белгиленген камкордукка алынса, анын саясатка да кийлигишүү укугу сакталып калат. Албетте, бул маселенин артында көп проблема бар. Президент болуп туруп баарын таштап качып кеткендиктин өзү, бул эмне, чыккынчылыкпы?! Бул эмне, элине жасаган пастыкпы?! Ушулардын баарына тең баа берип туруп расмий тыянак чыгарыш керек эле да. Мунун баары жасалбай калды. Азыр барышты да укуктарды берип туруп кол койдуруп алышты. Кыскасы, кыргызчылык жасалды.

А.Акаев Кыргызстандын кыйла жеринде нааразылык оту тутанып, кырдаал курчуй баштаган кезде анын үй-бүлөсүнө тийиштүү делген дүйнө-мүлктү жарыя кылган «МСН» гезитин сотко бере турганын эскертип, калкка кайрылуу жасаган. Айрым байкоочулар президенттин кызматтан кетүү тууралуу арызын илгиртпей жазып беришинин артында деле үй-бүлө бизнесинин кызыкчылыгы жатат деген пикирде.

XS
SM
MD
LG