Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

ДАНИЯР ҮСӨНОВ: “ЖАҢЫ ӨКМӨТ БАСЫП АЛУУЧУЛАРГА ЖЕР БЕРБЕЙТ”


9-апрелде Бишкек шаарынын күн чыгыш тарабындагы Аламүдүн районуна таандык айдоо аянттардан үй курууга жер талап кылып 10 миң чамалаш киши чогулду. Жер талап кылгандардын айрым бөлүгү жерди өз алдынча ээлеп алышууда. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элден мыйзам чегинде иш кылууну суранып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Жаңы өкмөт эч кандай мыйзамсыздыкка жол берилбей тургандыгын жарыя кылды.

Калктын жер талап кылып жапырт чыгышы эгемендүүлүк жылдары экинчи ирет кайталанып отурат. Бирок, 90-жылдардан айырмаланып, бу жолу жер сурагандардын бардыгын жерге өтө муктаждардын катарына кошууга болбойт. Бул ошол жердеги элдин маанайынан, менчик автоунаалардын ашкере көптүгүнөн да байкалып турду. Эл чогулган жерде бул маселе да талаш-тартыштын бир себеби болуп берди:

-Томолой үйү жок, участогу жоктор алышат. Алардын да мамлекеттик каттоолору текшерилет.

- Биз жок үчүн жүрөбүз да.
- Бул каракчылык!
- Жок! Бул каракчылык эмес!

Айрым байкоочулар жер талап кылып чыккандардын басымдуу бөлүгү кошумча жер алуу аракети менен жүргөндөр болушу ыктымал деп болжоп жатышты.
Анткен менен жер алууну каалоочулардын саны, маселен, Алатоо чарбасына таандык жерди көздөгөн тарапта 10 миң чамалаш деп айтылды. Алар жер алуу үчүн атайын топторду түзүшүп, алардын ар бирине 100дөн киши катталды.

Бир күн мурун жер алуучулардын атайын штабы түзүлүп, боз үй тигилип коюлган. Штаб жетекчиси Чүрөков Ажибектин айтымында, бийлик шарт түзсө, бардык маселени мыйзам чегинде чечкиси келет:

- Бул жерде азыр тизмеге түшкөндөрү 7800 болду. Ушул жерди мыйзамдуу түрдө бөлөлү деп атабыз. Момундай баскынчылыкка уруксат бербейбиз. Акимчиликтен, мэрден уруксат алабыз.

Бир күн мурун Алатоо чарбасына таандык 80 гектарга жакын айдоо жерди ар кайсы жерден чогулган жер алуучулар тобу кечээ өз алдынча ээлеп алышкан. Бирок, бул жерди үлүштүн жери деп эсептеген жергиликтүүлөр аларды кечке жуук ат менен келип сүрүп чыгышкан.

Бүгүн да ушундай кырдаал түзүлөбү деген кооптонуусун жер алуучулардын бири минтип билдирди:

- Алатоонун эли чыкса ушул жерде эки жаат болуп согушуп кетпесек болду. Мына тигил жакта турушат. Кызыл повязка тагынып турушпайбы.

Көкжарга чогулгандардын билдиргенине караганда бул жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, ал жай сураша элек:

- Биз жаңы бийликти эмнеге койдук. Алатоонун эли менен шаардын элин чабыштырбай үлүш жердин баарын чечип бербейби. Өкмөт эмне кылып отурат акүйдө.

Жер алгысы келгендердин арасында ушундай нааразы кептер тынымсыз айтылып жатат. Күбөлөр бул жерге жергиликтүү жетекчилер бир күн мурда келип келип-кетишкенин маалымдашты. Бирок, кечээ эл мындан аз болчу.

Көкжар аймагынан айырмаланып, Бишкектин Тунгуч кичи районуна жакын жердеги Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык айдоо аянтын ээлеп алгандардын саны түштөн кийин сээлдеп калды. Айрым байкоочулар кечке жуук бул аймакта 500гө жакын киши өздөрү бийликтен уруксатсыз жер бөлүштүрүүнү ылантып жатышканын кабарлашты.

Буга нааразы болгон «Достук» дыйкан чарбасынын төрагасы Самарбек Керимкулов:

- Азыр эми нанды тебелебегиле да. Эгинди, буудайды тебелебегиле да. Эмгек бул жерде толтура. 19-ноябрда, кар жаап атканда сээп бүткөнбүз бул жерге.

Түшкө чейин чогулган 3 миң чамалаш киши менен Аламүдүн районунун акими, Чүй облусунун губернатору жолугушту. Алар жерге муктаж адамдардын суранычтары мыйзам чегинде чечилерин билдирип, элди тынч тароого чакырышты.

Кулмырзаев мырза билдиргенге караганда, өкмөт учурда 500 гектар жер берүү маселесин өкмөт жергиликтүү бийликтер менен биргелешип чечип жатат.

Бирок, айдоо аянтынын четинде кечээ кечинде тигилген чатыр алынган жок. Бийликке кысым көрсөтмөйүнчө карапайым элдин укуктары корголбойт деп эсептегендердин бири Чолпон аттуу айым болду:

- Карапайым адамдар эч качан жетпейт. Канча жылдан бери жүрөбүз, беш-алтыдан балдарыбыз окуйт. Тунгучта батирге 2 миңден төлөп, 3 жылдан бери жашайбыз. Мындай уюм болбосо, эл өзү менен өзү уюшпаса эч качан болбойт.

Өздөрүнүн социалдык жагдайына доо кетирет деп чочулаган Тунгуч кичи районунун тургундары бул күнү жер алабыз деп чыккандар менен кайым айтышты.

- Эй, силер кепе салып алгандан кийин, эртең суу алып келип бер деп чыгасыңар. Анан жарык деп акүйгө чыгасыңар. Алар айласы жок анан бизге кошуп беришет. Бул жердеги суу забору Советтин убагында салынган, өкмөт силерге суу заборун салып беришеби?- дешти кичирайондун жоон топ тургундары.

Ушул эле күнү кечке жуук вице-премьер министр Данияр Үсөнов жер участогуна, социалдык камсыздоого муктаж элди мамлекет мыйзам чегинде камсыздай тургандыгын билдирди. Ал эми өз алдынча басып алууга жол берилбейт:

- Басып алуу, мыйзамсыз жол, бандитизм, каракчылык – жаңы өкмөт бул жолду колдобойт. Басып алынган бир чарчы жер эч кимге бөлүнбөйт. Документ берилбейт. Буга биз барбайбыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG