Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Жер талашты чечүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү


БИШКЕК. Жекшемби күнү Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка караганда, Бишкектин айланасындагы жерди басып алууларга байланышкан кырдаалды жөнгө салуу максатында өкмөттүк комиссия түзүлдү. Комиссияны биринчи вице-премьер министр Ишенбай Кадырбеков жетектеп, анын курамына өкмөттөн, Жогорку Кеңештен, Бишкек шаардык жана Чүй облустук бийликтен өкүлдөр кирди. Кырдаалды жөнгө салуу максатын көздөгөн бул комиссия алгачкы жыйынына дүйшөмбүдө эртең менен чогулат.

Ал эми президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиев Борбордук жекшемби күнү аянттагы митингден кийин дароо эле жер ээлеп алган эл менен жолугушуу үчүн аймактарды кыдырып кетти. Ишенбай Кадырбековдун билдиргенине караганда, жер алууну каалоочулар тарабынан Бишкек шаарынын айланасындагы 8 аймакта жерлер мыйзамсыз ээленип алынган.

XS
SM
MD
LG