Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Ливанда ички тирештин чыкканына 30 жыл болду


Жаңыл Чытырбаева, Прага Ушул аптада Ливанда ички тирештин башталганына 30 жыл толууда. Чет элдик куралдуу күчтөр aралашкан 15 жылдык кандуу калабадан кийин экономикалык каатчылыкты башынан өткөргөн бул кымындай өлкө бүгүн да ич ара бөлүнүп-жарылуудан жана чет элдик кийлигишүүдөн арыла элек.

1944-жылы республика болуп түзүлгөн Ливандын бир гана гимни болгону менен эли ар кошкон. Сирия менен Израилдин ортосунда кыпчылган 10 миң чарчы километр жерден мусулмандарды да, христиандарды да табасыз. Европа, Азия, Африканын кесилишиндеги бармак басым жерде сунилер, шийилер теңме-тең бар. Калкы 3 миллионго чукул Ливанда араб, француз, англис жана армян тилдери мамлекеттик тил болуп саналат. Бир сөз менен айтканда, тарыхтын жана тагдырдын буйругу менен ливандыктар ар кыл таасирге каныккан маданияттуу эл келет.

1975-жылдын 13-апрелиндеги кыргын Ливанда 15 жылдык ички согуштун отун тутанткан. Андан 30 жылдан кийин экс-премьер Рафик Хариринин өлтүрүлүшү чет элдик үстөмдүккө каршы "ыңкылапты" шарттады.

Ички тирешүү 1975-жылы палестин качкындары өлкөнү өз колуна алганы жатат деп түпкүлүктүү христиан согушкерлер курал алып чыкканда башталган.

Өткөн февралда "Хариринин өлүмү коңшулаш Сириянын колунан келди" деген шектенүүдөн улам башталган массалык толкундоолордо өлкөнүн ар кыл аймактарына келген, ар кыл динди карманган 1 миллион ливандык баш калаа Бейрутта демонстрацияга чыгышты.

Демонстранттар Сириядан Ливандагы аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылышты. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 1559-резолюциясында да Ливандан бардык чет элдик аскерлерди алып кетүү каралган эле. Айрым ливандыктар шийи мусулмандарынын Хезболла тобун да куралсыздандырууну караган бул документти "чет элдик кийлигишү" деп четке кагышкан.

Ливан ар качандан бир качан чет элдик кийлигишүүдөн запкы тартып келген. Ички согуш баштагандан бир жылдан кийин Вашингтондун ишараты менен, христиан согушкерлерин коргоо максатында Ливанга Сириянын аскерлери жайгаштырылган. Үч жылдан кийин палестин партизандарын жок кылуу үчүн Израилдин армиясы басып кирген. Дагы төрт жылдан соң Израил кайра чабуул жасаганда, өлкөгө Сириянын, АКШнын, Британиянын, Фарнциянын, Италиянын аскерлери менен катар, палестиндер жана Ирандан Революциячыл гвардиясынын жоокерлери агып кирген.

Ливандын чет элдик күчтөрдүн курмандыгына чалынышынын жандырмагын изилдөөчүлөр ливан элинин нагыз иденттүүлүгүнүн али түптөлбөгөнүнөн, ар кимдин чет элдик ар кыл чакырыктарды ээрчип кетмей адатынан көрүшөт. Экс-премьер Хариринин өлүмү мусулман жана христиан оппозициясын жана башка тараптарды бириктирди, Сирия аскерлери чыгарып кете баштады. Бирок мындай биримдик Сириянын үстөмдүгүнө каршы багытталып, жаңы бир коомдук келишим, макулдашууга негизделбегени ойлондурат.

Ал эми өлкөнүн мурдагы маданият министри Гасан Саламе "конфессионалдык система жок кылынып, мамлекет динден ажырым болгон система түзүлгөндө гана ливандыктар ынтымактуу бир үй-бүлө кура алышат" деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG