Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Кабыл Макеш,Бишкек. 10-апрелдин түнүндө Кыргызстандык каскадерлор мектеби негиздеген, дүйнөгө таанымал каскадер Үсөн Кудайбергеновду Ортосайдагы үйүнөн атып кетишти. Үсөн Кудайбергенов учурунда 300дөн ашык кинотасмага тартылган. Ал Кыргызстанда каскадерлордун ассоциациясынын президенти, “Эл акыйкат” элдик кошуундун негиздөөчүсү болгон. Ат менен 30 метр бийик аскадан сууга секирип Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине кирген жалгыз кыргыз Үсөн Кудайбергенов эле. Март айынын башында белгилүү кино чебери Үсөн Кудайбергенов “Азаттык” үналгысында маек куруп, кыргызстандагы каскадерлордун көйгөйлөрү, өзүнүн алдыга койгон максаттары тууралуу кеп кылган.

-Үсөн мырза, учурда кыргызстандык каскадерлордун ал-абалы кандай?

- Тарыхты карап көрсөк совет доорунда тартылган кинонун 80 пайызы аскердик- патриоттук теманы чагылдыруучу. Ошонун баарындагы мушташ, тобокелге баш байлаган окуяларды каскадерлор аткаруучу. Бирок, совет доорунда каскадер деген кесип жок болчу. Биздин эмгек китепчибизде түрдүү кесиптер жазылып, каскадер деген адистик жок эле. Биз бул жагдайды эске алып, далай күрөштүк. Акырында 85-жылдары гана Михаил Горбачевдун кайра куруу мезгилинде “каскадер” деген кесип бардыгын далилдей алдык. Кыргызстанга мен кийин келип, “Каскадер” деген киностудия ачкам. Советтер Союзуна таанымал каскадерлорду чогултуп, кыргыз жигиттерин да тандап, сыноодон өткөрүп, шыктууларын үйрөтүп, өзүнчө мектеп ачкам. Өзүнчө жер сатып алып, аткана куруп, жылкы кармап, бул өнөрдүн сырларын жигиттерге үйрөткөм. Бүткүл дүйнөлүк жана борборазиялык кинокомпанияларды каскадерлор менен камсыз кылып, дүңгүрөп чыктык. Мен Кыргыз жергеме 1989-жылы келдим. Ошондон баштап 10 жыл аралыгында 26 киного тартылып, чет өлкөлүк кинокомпаниялар менен кызматташтык. Ал эми “Кыргызфильм” киностудиясы ошол убакта 2-3 гана кино тасма тартышкан. Индия, АКШ, Италия, Германия, Франция жана башка көп өлкөлөрдүн кинокомпаниялары тарткан көркөм тасмалардагы тобокелге баш байлаган окуяларды менин шакирттерим жогорку чеберчиликте аткарып беришкен.

- Үсөн мырза, учурда кыргызстандык каскадерлордун чеберчиликтерин дагы жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр барбы?

- Чынында далай өлкөлөрдүн киночулары бизге келип, көркөм тасмаларын тартышты. Кийинки 3-4 жылдан бери биздин “Каскадер” киностудиясы өз ишин токтотууга аргасыз болгон. Мунун ар кыл себептери бар. Учурда кайрадан ишти баштап, чет элдик кинолорго тартыла баштады. Казактардын “Көчмөндөр” деген тасмасына тартылдык. Көрөрмандарды кызыктырып, алардын жан-дүйнөсүн арбап алуу үчүн курч окуяларды, таймашуу, кармашуу, ат менен тобокелге баш байлаган эпизоддорду биз аткардык. Кино тартуу аянтында тер төгүп, кыргыз жигиттеринин эркин, кайратын, духун көргөзүүгө туура келди.

Бизде шарт, мүмкүнчүлүк бар, мыкты, чебер жигиттерибиз бул өнөрдүн сырын өздөштүрүп, иши жок турушат. Эң негизгиси, бизде кино жок болуп жатпайбы!? Учурда биздин кино айдыңда чет өлкөлүк каскадерлор көп келип, бизге аттаандаш болгусу келүүдө. Ошол эле казактар тарткан “Көчмөндөр” тасмасында алгач америкалык каскадерлор ойногон. Алардын чеберчиликтери биздин жигиттерден төмөн экендиги айдан-ачык көрүнүп, кино аянтынан өздөрү эле сүрүлүп, четке чыгып калды. Алар техниканын жардамы менен укмуштай чебер сыяктуу таасир калтырышат. Бирок, чыныгы тобокелге баш байлаган өтө коркунучтуу эпизоддорду аткаруудан кооптонуп, баш тартышат. Өздөрүнүн жанын аябай сактап, өтө сак болушат. Биздин жигиттер аткарган окуяларды өмүрү аткарууга даабайт. Айрыкча аттын кулагы менен тең ойногон кыргыз жигиттерин көргөндө суктануусун жашыра албай, мыкты экенсиңер деп кол кысууга аргасыз болуп жүрүштү. Ошондуктан кийинки мезгилде Европа, АКШ кинокомпаниялары бизге өзгөчө баа берип, көңүл буруп жатат. Мунун дагы бир себеби да бар, алар биздин эмгек үчүн өтө аз акы төлөшөт. Бул жакта баары арзан, Жабдуу, материал, киши күчү - бардыгын арзанга тапса болот. Айрыкча кино тартууга өтө ылайыктуу кооз жаратылышыбыз дагы аларды арбап алды.


-Чет өлкөлүк кино компаниялар менен биргелешип иштөөгө алардан сунуштар болуп жатабы?

- Чет өлкөлүктөр Борбор Азия өлкөлөрүндө кино тартууга кызыгып жатышат. Бодров менен Стивен Сигал ар бир өз алдынча Чыңгызханды тартууга кызыгып, бел байлап турушат. Мында да биздин жигиттерди ойноп бергиле деген сунуштар болууда. Аны мезгил көрсөтөт эмеспи.

Учурда кытайлыктар “Манасты” тартууга каражат бергени жатат. Ар бир кыргыз бир сомдон жыйнасак деле өз күчүбүз менен “Манасты” тартып коюуга болмок. Кытайлыктар аны кандай тартат, мааниси кандай чыгат? Саясатка аралаштырып, бурмалап жибереби, ал белгисиз. Жалпы кыргыз эли бир сомдон жыйнаса деле, өз күчүбүз менен руху күчтүү эр Манасты кино кылып тартып койсок болот эле да...


-Кыргыз жергесинде кийинки учурда курч окуялуу кино тартылбагандыктан, сиздин шакирттериңиз башка студияларга барууга аргасыз болуп жатабы?

-Кийинки 10 жылдын ичинде эле кыргызстандык каскадерлор 30дан ашуун чет элдик кинотасмага тартылды. Москвалык кинорежиссер, түбү казак Тимур Бекмамбетовдун “Түңкү кароол” кинотасмасы Орусияда өткөн жылдын мыкты фильмдеринин катарында аталды. Ошондуктан чыгармачылык топ бул көркөм тасманын экинчи бөлүгүн жакында тартып бүтүштү. Бул тасмага тартылуу үчүн кыргызстандык 5 каскадер: Эдил Молдалиев, Тойчубек Серкебаев, Мурат Бурханов, Канат Абдрахманов жана Нурбек Болотов атайын чакырылып, тартылып келишти. Коңшу Казакстан, Өзбекстан киносу өнүгүп-өсүп жатат. Алар жылына 9-10 кино тартып, каражатты аябай алдыга озуп баратат. Биздеги абал абдан кыйын. Учурда каскадердук өнөрдү өстүрүүгө ыңгайлуу жагдай түзүлгөн. Биздин өлкөдө деле кино кайрадан жандана баштайт деген аруу тилек бар. Былтыр Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча “Маңкурттун энесинин көз жашы” киносу тартылып, биздин жигиттер катышты. Каскадерлордун көбү спорттон келген балдар. Кыргыз жигиттери Тойчубек Серкебаев, Мурат Бурханов, Канат Абдрахманов Москвада өткөн каскадерлордун Бүткүл дүйнөлүк фестивалына Казакстандын атынан барып, Орусиядан кийинки экинчи орунду ээледи. Кыргызстандан жол кире, мейманкана үчүн каражат табылбай, аргасыздан казак туусун көтөрүүгө аргасыз болушту.

. -Сиздер, киного тартылуу менен алек болбой, “Аккула” ат майданында, Алатоо аянтындагы майрамдардын көркүн ачып, көрсөтмөлүү ат оюндарын көрсөтүп жүрөсүздөр.

-Кыргызстандык каскадерлор киного тартылгандан сырткары элдик ат оюндарын өнүктүрүүгө салым кошуп, улуттук майрамдарда дагы өнөрлөрүн көрсөтүп жүрүшөт. Кыргызстандык каскадерлорду чет өлкөлүк кино ишмерлери чакырып, алардын кызматын пайдаланып, арзаныраак акы төлөп жүрүшкөнү дагы мени өкүндүрөт. Каскадер Керим Исраилов, Сатар Дыйканбаев, Эдил Чокубаев жана башка жигиттер өзүнчө мектеп түзүп, жигиттерди иргеп, бул өнөрдү аркалап жүрүшөт. Көкбөрү баштаган ат оюндарын өнүктүрүүнү да каскадерлор колго алууда. Киного күндө тартыла албайсың, ошондуктан күнүгө ат ойнотуп, машыгып турбасаң , чеберчилик төмөндөп кетет. Ошондой эле кыргызстандык каскадерлор Европа, Америка Кошмо Штаттарында, шериктеш өлкөлөрдө аргасыздан жер кезип, арзанга иштеп жатышат.

-Өзүңүздүн алдыга койгон максаттарыңыз тууралуу кеп салып берсеңиз?

- Чынында эле менде акырындап, эс алууга чыгайын деген асыл ой бар. Антпесе, абдан чарчадым. 40 жылдан ашык өмүрдү, жаштыкты киного арнадым. Аттарды багып, шакирттеримди иш менен камсыз кылып, айрыкча чарбачылык иш, көроокат деген кишини аябай жүдөтөт экен. Мен азыр чыгармачылык менен иштеп, ырларымды жыйнак кылып чыгарып, көңүлдөгү киносценарийлерди жазып, калган өмүрдү чыгармачылыкка арнагым келет. Шакирттериме кеңеш берип, эс алып, алардын өнөрүнө баа берип, ырахатка батып жүргүм келет.
XS
SM
MD
LG