Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:03

Депутат мурунку ниетине азыр каршы


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашев 14-апрелде маалымат жыйынын өткөрүп, анда электр энергиясын бөлүштүрүүчү тармактарды концессияга берүүгө каршы экендигин билдирди. Андан тышкары электр энергиясына тарифти көтөрүү тармактагы коррупцияны мыйзамдаштырууга жол ачаарын жана тарифти жогорулатууга экономикалык негиз жок экендигин жарыя кылды. Ал эми азыркы өкмөт Николай Танаев башында турган мурдагы өкмөт белгилегендей электр энергиясынын тарифи 15-апрелден тарта көтөрүлбөстүгүн кабарлаган. Премьер-министр Курманбек Бакиев энерготармактагы коммерциялык жоготууларды 10%ке чейин кыскартууну талап кылып, тапшырманы аткарбаган жетекчилер май айында кызматтан кетээрин эскерткен. Ал эми мурдагы парламенттин энергетика маселеси боюнча комитетинин төрагасы болгон Тайырбек Сарпашев энергетика тармагын концессияга берүү демилгечилеринин бири болчу.

XS
SM
MD
LG