Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

№55 Бакайата шайлоо округунда кайталап добуш берүү күнү аныктала элек


ТАЛАС. №55 Бакайата шайлоо округунун төрагасы Зулумбек Назаралиевден 15-апрель күнү алыган маалыматка караганда, аталган округдун он беш шайлоо участогунда кайталап добуш берүү күнүн белгилөөчү 15-апрелдеги отурум бул күнү да болбой калды. Анткени бул округдагы талаш жагдайлар Борбордук шайлоо комиссиясында али чечиле элек. №55 Бакайата округу боюнча талапкер Равшан Жээнбековдун арызы боюнча Бакайата райондук соту 1-апрелде өткөн отурумунда он сегиз шайлоо участогунда добуштарды сатып алуу фактылары орун алгандыгын ырастап, бул округдардагы Жусуп Иманалиевдин пайдасына берилген добуштар жараксыз деп табылган. Райондук соттун бул чечимин Жогорку сот да карап, добуш сатып алуу он беш участокто гана болгон деген тыянак чыгарган.

XS
SM
MD
LG