Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Аксуу районунун тургундары калкка кайрылышты


КАРАКОЛ. Кайрылуу райондогу ардагерлер, аялдар жана жаштар уюмдарынын жана дин кызматкерлеринин катышкан жыйында кабыл алынды. Кайрылууга миңден ашуун адам кол коюшту. Кайрылууда республикадагы соңку саясий кырдаалга акыл-эстүүлүк менен карап, кыйын мезгилде Кыргызстан элин сабырдуулукка, токтоолукка чакырык айтылган. “Баа жеткис дөөлөт элдин ынтымагы аркылуу кирет. Демек күнүмдүк кыйынчылыктарды чоң маселеге айландыруудан, аны көбүртүп-жабыртуудан эч нерсе чыкпайт. Ошондуктан күч бирдикте деген кыргыз элинин улуу салтын бекем сактап, бөлүнүп-жарылууга жол бербейли” деп жазылат кайрылууда.

XS
SM
MD
LG