Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Кытай Жапониядан кечирим сурабайт


Кытайдын тышкы иштер министри Ли Жаоксиң бул тууралуу бүгүн Жапониянын тышкы иштер министри менен жолугушууда жарыялады.

- Кытайдын өкмөтү жапон элинен кечирим сурагыдай эч нерсе кылган эмес. Тескерисинче, Тайван боюнча, эл аралык маселелерде, анын ичинде адам укуктарында, айрыкча тарыхты бурмалоодо, Жапониянын өкмөтү Кытай элинин көңүлүн оорутту,- деп айтты Кытайдын тышкы иштер министри.

Жапониянын тышкы иштер министри Нобутака Мачимура өз кезегинде, кырдаалга терең тынчсыздануу билдирди жана Кытайды эл аралык эрежелерге ылайык, тез арада чара көрүүгө чакырды. Кытайлык окуяларга Жапанияда жаңы тарых китебинин жарык көрүшү түрткү болду. Демонстранттардын айтымында, ал китепте Жапония 1931-45-жылдары Кытайды басып тургандагы согуштук оор кылмыштары жымсалданып берилген. Алар Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде Жапониянын туруктуу орун алышына да каршы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG