Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

ДЕЛИДЕ ИНДИЯ ЖАНА ПАКИСТАН ЛИДЕРЛЕРИНИН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ ӨТТҮ


Делиде Пакистан президенти Первез Мушараф менен Индиянын премьер- министри Манмохан Сингхтин сүйлөшүүлөрү өттү. Пакистан президентинин Индиядагы бул жолку сапары эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык жараяны алдыга жылдыруу максатын көздөйт. Ал эми сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы мурдагыдай эле Кашмир проблемасы болду.

Пакистан президенти Первез Мушарафтын Индиядагы бул жолку визитин баяндамачылар "крикет дипломатиясы " деп мүнөздөшүүдө. Себеби жекшембидеги жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөр башталар алдында президент Первез Мушараф, Индиянын премьер- министри Манмохан Сингх катаралаш отуруп, бир саатча эки өлкөнүн улуттук командаларынын крикет боюнча мелдешин көрүштү. Бул - Первез Мушарафтын Делиге мамлекет башчысы катары мындан үч жыл илгээри эки өлкө согуш абалына кептелгенден бери алгачкы ирээт келиши.

Крикет боюнча мелдешке чогуу катышуу менен эки лидер өз өлкөлөрүнүн кызыкчылыктары көп жагынан окшош экенин көргөзгөндөй болушту. Первез Мушараф жана Манмохан Сингх командалар менен учурашуу үчүн оюн талаасына чыкканда чогулган күйөрмандар аларды кубаттап, кыйкырып жатышты.

Пакистан менен Индиянын курама командаларынын крикет боюнча мелдешинин символдук мааниси бар экенин карабай, Мушарафтын Индиядагы үч күнкү визити учурунда арбын сөз спорт эмес, токтоп калган тынчтык жараянын алдыга жылдыруунун тегерегинде айтылары анык. Мушараф жана Манмохан Сингх жекшембиде эки саатча сүйлөштү. Анын соңунан Первез Мушараф буларды билдирди:

-Сүйлөшүүлөр жагымдуу, жакшы маанайда жана чоң оптимизм менен өттү. Менимче, биз өтө чоң жылышка жете алдык. Бардык проблемаларды, анын ичинде Кашмир маселесин да талкууладык. Мен жылыш бардыгына, биздин мамилелер оңолуу жолунда экендигинде бактылуумун.

Индиялык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, эки лидер өз ара сооданы, жол жана темир жол байланышын жакшыртуу үчүн биргелешкен комиссия түзүүнү макулдашкан. Ошондой эле Кашмирди эки тарабын : пакистандык жана индиялык бөлүгүн байланыштыруучу автобус каттамдарынын ыргагын көбөйтүүнү келишишкен. Соңку 50 жылдан бери эки ортодогу көзөмөл сызыгын кесип өткөн алгачкы автобус каттамы алгачкы жолу ушул айдын башында ишке ашырылган эле. Бул окуя эки коңшунун мамилеси оңоло баштаганын белгиси ирээтинде каралган.

Индиялык өкүлдөр мурдараак Делидеги сүйлөшүүлөрдө алардын бир катар эски жана жаңы сунуштарынын айланасында да сөз болорун билдиршкен эле. Алар Кашмирде бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдү кошуу, чек ара соодасы, ыйык жерлерге зыяратчылык, туризм, маданий байланыштар өңдүү маселелер.

Индия ошондой эле эки өлкөнүн жээк кайтарган кызматтары ортосунда алака түзүлүүсүн, аскерий жетекчилер ортосунда утур-утур жыйын уюштурулуп туруусун көздөөдө.

Айтор эки коңшунун борбордук темасы азыркыдай эле Кашмир проблемасы болгон 2001 –жылкы саммити натыйжасыз аяктаган эле. Эми төрт жылдан соң тараптар кандай ийгиликтерге жетиша аларын убакыт көргөзмөкчү.

Кашмир штаты Индия жана Пакистан 1947-жылы британ оторчулугунан кутулгандан тарта талашта. Андан бери тараптар Кашмирдин айынан эки ирээт согушкан. Индия Пакистанды Кашмирдин Дели көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү исламчыл согушкерлерди колдогону үчүн айыптап жүрөт. Пакистан тарап болсо андай ырастоолорду төгүндөп келүүдө. Индия тараптын эсебинде, 1989- жылдан бери согушкерлердин кол салууларынан, кагылаштардан кеминде 40 миңдей адам каза тапкан. Жикчилер мындан эки эсе көп цифраны айтышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG