Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:17

КОЧКОРАТА ШААРЫНДАГЫ ЖЫЙЫН


Республикадагы мунай жана табигый газ өндүрүүчү жападан-жалгыз ишкана «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун жумушчулары дүйшөмбүдө Жалалабат обулусунун Кочкората шаарында жыйын өткөрүштү. Алар ишкананын деректирлигине убактылуу президенттин жардыгы менен дайындалган адамды кабыл алышпай, ишканада таза иштеген кызматкерлердин бирин жетекчиликке дайындоону, жердешчиликти жоюп, кадр маселесин туура чечүүнү бийликтегилерден талап кылышты.

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын сары түстөгү тасмаларды кармашкан жумушчулары убактылуу президенттин жардыгы менен жетекчинин дайындалышына каршы болушту. Жыйында сөз алган кишилер Айдар Молдалиев өңдүү тармактык адистиги бар кызматкерди башчылыкка бекитүүнү өтүндү:

- Ушул жерде иштеп жаткан өзүнүн ишин билген жакшы кадрлар бар. Ошолордун бирин башчылыкка коюп берүүсүн Курманбек Бакиевден суранып кетебиз.

Молдалиевдин сунушун кубаттаган Жолдошали Өмүркулов кадр маселесин туура чечүү керек деген оюн ортого салды:

- Эмне үчүн нефтяниктердин балдары нефтяник боло албайт. Бул жерде акчасы барлар ойноп атат. Тууган-уругу, өкүл баласы, жээни, урук-тууганынын бардыгын алдыга алып кетип атат. Ошон үчүн кадр маселесин карап, Султановду алмаштырыш керек.

Республиканын мүлк фондусунун төрагасынын орунбасары Анатолий Макаров октябрда өтүүчү акционерлердин жыйынына чейин жарлык менен дайындалган Пайзулла Рахмановго иштөөгө мүмкүндүк берүү сунушун билдирди:

- Биз мүмкүн азыр мунасага келип чечим кабыл алып, акционерлер жыйынына чейин анын жамаат менен жолугушуна шарт түзүп берели. Акционерлер жыйынында толук чечимди кабыл алабыз.


Бирок муну жыйын катышуучулары кабыл алышкан жок.

Мамыров Кадырбек да элдин талабын туура чечүүнү талап кылды:

- Биз артка кетип атабыз. Бул миллион сомдогон акча болот. Бозадыр нефтяниктерге туура мамиле кылып, тийишпей, биздин талабыбызды туура чечип келсе, биздин ишибиз алгалай берет.

Митингчилерди Пайзулла Рахмановдун:

- 150 млн. долларга чейин акча кошуп туруп, өндүрүштү көбөйтөлү, чоңойтолу деген ой менен чоң-чоң Америка менен Казакстандын ортосунда биргелешкен уюмдун жетекчилери келет. Мен башка адамдарды алып келем дегеним жок, - деген ою да угуп тургандарды муюткан жок.

Ноокен районунун башчысы Советали Сеиткуловдун президенттик шайлоого чейин ишканага башчы койбой туралы деген ою жогоркуларга жетпеген:

- Кочкоратаны кыймылдатпайлы, Кочкоратанын эли менен эсептешели деп мен суранып кеттим эле. Азыр жок дегенде президенттик шайлоого чейин туруп турса болмок. Коллектив силер шайлаган адам бирөөнун буйругу менен келип калган бийликте жоокерчиликсиз болуп калышы мүмкүн.

Губернатор Жусупжан Жээнбеков бийлик жетекчилерди дайындоодо аны менен кеңешпегенине токтолуп, элди тынчтыкка чакырды:

- Бир кадр болсо дагы менден бир сурап койгула дедим. Бул жерден келип тополоң чыгарып коет, Жээнбеков чуркап барат элди тынчытайын деп. Башка кадрды алып келип райондон дагы чыгара коет тополоңду. Мага азыр Жалалабат облусунун тынччылыгы керек. Мыйзамды да караш керек. Анан эле он-он беш адамды уюштуруп алып кыйнай бергенибиз тура эмес, - деди губернатор Жусупжан Жээнбеков.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG