Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ КЫРГЫЗСТАН КЕЛЕЧЕГИНЕ КЫЗЫКДАР


Аманбек Жапаров,Бишкек 18-апрелде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Словениянын тышкы иштер министри Димитрий Рупель Кыргызстанда болду. Иш сапары учурунда ал президент милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев ,Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен жана бир катар саясий партиялардын, бейөкмөт уюдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Димитрий Рупелдин ЕККУ Кыргызстанга президенттик шайлоону өткөрүүгө жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

18-апрелде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Словениянын тышкы иштер министри Димитрий Рупель Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр учурунда Димитрий Рупель 24-марттагы өзгөрүүлөрдөн кийин Кыргызстанга ЕККУ өзгөчө көңүл буруп тургандыгын, ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Анын айтымында, ЕККУ Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн атайын программа түзгөн. Д.Рупель ал программага Кыргызстан да катышып, ага алымча-кошумчасын киргизсе дурус болор эле деген пикирин билдирди.
Түштөн кийин курамына Рупелден тышкары Алоиз Петерле, Рольф Экеус, Маркус Мюллер жана башка расмий өкүлдөр кирген делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев кабыл алды. Жолугушууда спикер парламент тарабынан бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынганын билдирди.

Димитрий Рупель Бишкекке экинчи жолу келип бейөкмөт уюмдар, саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы окуялардын жакшы жагына багыт алганына күбө болгондугун белгиледи.

-Өнүгүүнүн оң жакка чечилишине күбө болгонубуз менен алдыда чечилбеген проблемалар бар деп ойлойм. Ошондуктан силер менен позитивдүү өнүгүүлөр тууралуу эмес, алдыда боло турган проблемалар тууралуу пикир алышканы келди,-. деди Димитрий Рупель.

Ал Жогорку Кеңештин мурдагы президенттин кызматтан кетиши жана 10-июлда болчу президенттик шайлоого карата кабыл алган чечимин жогору баалады. Евробиримдик жана Европа мындай чечимди жакшы кабыл алгандыгын билдирди. Анын айтымында, ЕККУ Кыргызстанга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр.

- Алдыда дагы чечилбеген көптөгөн проблемалар бар экендигин мен, албетте, түшүнөм. Спикер мырза, сиздердин алдыңыздарда дагы көптөгөн эрегиштер болоору да мүмкүн. Ошондуктан сиздердин өнүгүп кетүүңөр үчүн жана Кыргызстан ийгиликтерге жетишкен мамлекет болушу үчүн ЕККУ тарабынан болгон жардамды аябастыгын мен белгилеп кетейин. Албетте, ЕККУ алдыдагы президенттик шайлоодо добуш бербейт, анын жактырган талапкери да жок. Болгону биз ачык, адилет шайлоо өтүшүнө жардам беребиз..

Димитрий Рупель президенттик шайлоо жеке эле Кыргызстанга гана эмес, ЕККУга мүчө мамлекеттер үчүн, Борбордук Азия, Кавказ жана Чыгыш Европа үчүн өтө маанилүү экенин билдирди. Рупель Кыргызстандын Конституциясын реформалоого жана Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдүн киргизилишине кызыкты.

Жогорку Кеңеш спикери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн коопсуздугун жана коомдо тартипти камсыз кылуу үчүн көптөгөн иштер аткарылганын али да болсо көптөгөн проблемалар бар экендигин билдирди. Алдыдагы президенттик шайлоону тынч, уюшкандыкта өткөрүү, мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн аракеттер жасалып жатканын маалымдады.

-Жаңы бийлик эски үлгүлөрдү, атакаруу бийлигин колдонуу тууралуу мурдакы ыкмаларды колдонбойт. Шайлоону таза, ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, чара көрүлөт,- -деди Өмүрбек Текебаев.

Төрага конституциялык реформага жана Шайлоо кодексинине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу толук маалымат берип, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жаңы өкмөт тарабынан сунушталгандыгын билдирди.

Ушул эле күнү Димитрий Рупелди президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев кабыл алып, анда ЕККУнун делегациясынын иш-сапарынын максаттары жана анын Кыргызстанга берүүчү жардамы, эки тараптуу кызматташуусу тууралуу пикир алышуулар болду. К.Бакиев Кыргызстандын учурдагы саясий, социалдык-экономикалык маселелерине токтолуп, алдыдагы президенттик шайлоону ачык, таза, адилет өткөрүүгө кам көрүлүп жатканын маалымдады.

Димитрий Рупель ЕККУнун Бишкектеги академиясынын кеңсесинде маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ЕККУ Кыргызстанга моралдык-материалдык, экономикалык жактан жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG