Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

ОКЛАХОМАДАГЫ ЖАРДЫРУУГА ОН ЖЫЛ


Бүгүн АКШнын Оклахома штатында федералдык өкмөткө караштуу имаратта болгон жардыруунун он жылдыгы. Андагы террактан жүз алтымыш сегиз киши каза тапкан эле. Жардыруу Кошмо Штаттардын өзүндө эле өсүп- өнгөн адам тарабынан ишке ашырылган. Айрым адистер АКШдагы оңчул согушчан топтордун мүчөлөрү Оклахомадагы окуядан кийин азайганын белгилешсе, экинчилер алар мурдагыдан да коркунучтуу экенин айтышат.

АКШнын түштүк –батышындагы Оклахома штатынын борбору Оклахома - ситидеги жардыруу 2001-жылдын 11 –сентябрына чейин өлкөнүн тарыхындагы эң кандуу окуялардын бири деп эсептелчү. Анда федералдык өкмөткө караштуу имараттын бет маңдайындагы жардыруудан 168 киши каза тапкандан тышкары 500дөй адам да жаракат алган. Курман болгондордун 19су жаш балдар эле.

Адегенде комментаторлордун көпчүлүгү бул жардырууну Жакынкы Чыгыштан чыккан фундаменталисттердин колунан келген иш деп боолголошкон. Бирок акыр аягында бул жергиликтүү террорчулардын эле иши экени аныкталды.

Жардыруунун башкы аткаруучусу, кезинде Перси булуңундагы биринчи согушка катышкан Тимоти Маквей мындай кадамга барганын баштапкы жүйөөсү катары андан туура эки жыл мурдагы окуяны атаган. 1993-жылдын 19-апрелинде "Давиддин түйүнү" деген сектанын Техас штатынын Уэйко деген жериндеги базасына өкмөттүк күчтөр тарабынан чабуул жасалган болчу.

Тимоти Маквей колго чогултулган жардыруучу зат толтурулган жүк ташуучу автоунааны 1995-жылдын 19- апрелинде тогуз кабат келген имараттын бет маңдайына алып келип токтотуп койгон. Ал бул кылмышы үчүн өлүм жазасына кесилип, 2001-жылы өкүм аткарылды. Анын башкы шериги Терри Николас аттуу америкалык болсо өмүр бою түрмө жазасын өтөөдө.

Адистердин айтымында, 2001-жылдын 11-сентябрындагы терракттардан кийин АКШда антиөкмөттүк, антикоммунисттик жана расалык маанайды карманган оңчул согушчан топтор "Аль-Каида" уюму жараткан коркунучтардын көлөкөсүндө калды. АКШдагы жергиликтүү террорчул кыймылдарды изилдөөгө адистешкен окумуштуу Даниел Левитастын маалыматына караганда, Оклахома - ситидеги жардырууга чейин АКШда мындай согушчан уюмдардын активдүү мүчөлөрүнүн саны 20 миңге чейин жеткен. Бирок 2001-жылдын 11- сентябрындагы окуялардан кийин алардын саны бир топко кыскарды.

Адис мунун жүйөөлөрү катары көпчүлүк мүчөлөрү ошол кыймылдардан талап кылынган зордук-зомбулук актыларын колдобогондуктан чыгып кетишкенин, өкмөт террорчул кыймылдарга каршы жүргүзгөн кампанияны атайт. Бирок Даниел Левитастын пикиринде, мүчөлөрү саналуу болгон күндө да алардан коркунуч бар:

-Бул куралдуу кыймылдарда калган адамдар аларга мурда мүчө болгондорго караганда кыйла радикал.

Даниель Левитас белгилегендей, бул топтор кандайдыр бир сокку уруу үчүн азыр деле чоң куралдуу бирикмелерге же уюмдарга муктаж эмес. Оклахомадагы, кийинчерээк Вашингтон менен Нью-Йорктогу терракттар аларды жасоо саналуу эле адамдардын колунан келээрин көргөздү.

Бирок жогорудагыдай аргументтерге Вашингтон университетинин укук жана сот изилдөөлөр боюнча профессору Жеймс Стар кошулбайт. Ал "Азаттык" радиосуна берген маегинде белгилегендей, ошол кыймылдардын мүчөлөрүнүн азаюусу ички араздашуулар менен коштолгон:

-Бизге жеткен соңку маалыматтар атамекендик террорчуларда бөлүнүп- жарылуу көп экенин көргөзүүдө, ушундан улам аларга берилгендер арасында теңдик жок. Менимче, эгер атамекендик террорчулар саны жагынан азайып жатса, ага катар алардын мүмкүнчүлүгү, терракттарды ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт.

Анткен менен Жеймс Стар белгилегендей, америкалык коомчулук террорчул кыймылдарды кездештириши мүмкүн, бирок мында укук коргоо органдары аларга каршы кандай чара көрүп жатканы маанилүү.

АКШнын юстиция министрлиги 2002-жылы Жон Падилла аттуу америкалык жаранды камакка алган эле. АКШ бийликтери аны "Аль-Каиданын" адамы деп жарыялашкан. Андан көп өтпөй Техаста да Уильям Крар аттуу америкалык кармалган. Учурда 11 жылдык түрмө жазасын өтөп жаткан бул адам кармалганда андан бир топ өлчөмдө жардыруучу заттар жана курал-жарак алынган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG