Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

АКШнын БУУдагы БОЛОЧОКТОГУ ӨКҮЛҮ “ЧЫР-ЧАТАКТЫН” ЧОРДОНУНДА


Төрөкул Дооров АКШнын Сенаты Бириккен улуттар уюмуна өкүл катарында Жон Болтонду шайлоону артка жылдырды. Анткени анын талапкердиги Сенаттын мүчөлөрү арасында бир жактуу кабыл алынган жок. Болтондун талапкердигин колдогондор “ал Улуттар уюмун реформалоодо чечкиндүү кадамдарды жасай алат” деп ойлошот, ал эми аны сындагандар болсо “Болтондун аракеттери дүйнөлүк саясатта Кошмо Штаттардын маанилүү ордун сактоого зыян келтириши мүмкүн” деп кооптонушат. Сенатта болсо көпчүлүк орунду ээлеген республикачылдар арасында күмөнсүнөө күчөп жатканы айтылууда.

Жон Болтондун “түшүнүксүз аракеттери” тууралуу айыптоолор аны Улуттар уюмуна өкүл катарында тандоонун датасын келерки айдын этегине чейин жылдырып салды., Республикачыларга караганда АКШ Сенатында азыраак орунга ээ болгон демократтар Жон Болтонду тандоого чейин жаңы маалыматтар таза иликтенип чыгышы лаазым экенин жактап, акыр аягында өз максаттарына жетишти.

Демократтар Болтон АКШнын аскер күчтөрүн көзөмөлдөп турган негизги адамдардын бири катарында бир канча жолу чалгын кызматтарына басым жасаганын, андан сырткары, кызмат ордунан пайдаланып, кол астындагы кызматкерлерге орой мамиле кылганын айтышты.

Республикачыл сенатор Жорж Войнович азыр Болтон боюнча тынчсыздануу күч алып турган чагы дейт.

- Мен бүгүн Болтон мырза жөнүндө айтылган сөздөрдөн кийин ага добуш берүүгө анча көңүлүм барбай турат. Менимче, бул маанилүү кызматка келчү адам башкалар менен ич-ара мамиле түзө билип, бирге иштешкен жолдоштору менен урмат-сыйда болушу керек. Бул манилүү сапат, - дейт Войнович.

Анын чечими Сенатта Болтонду тандоо иши туңгуякка такалганын көрсөтүшү мүмкүн.

Комитеттин төрагасы, сенатор Ричард Лугар, добуш берүүнү майга чейин жылдырууну колдогондордун бири. Ал өткөн жумада Болтон мындан үч жыл мурун, Кубанын куралы тууралуу ал өзү даярдаган докладды Мамдепартаменттин чалгын кызматынын адамдары өзгөртүп салышканда, аларды катуу титиреткен деди.

Өз кезегинде бул маселе тууралуу суракка жооп берген Болтон жогорку кызматтагы адамдарга кысым жасабагандыгын, бирок аларга ишеним такыр жоголгондон кийин, алардын кызмат ордун алмаштырууга баргандыгын айтты.

Демократтар Болтонду дагы бир инцидентке жоопкер деп күнөөлөштү. Алардын айтымында, АКШнын аскер күчтөрүнө көзөмөл салып турган негизги адамдардын бири Жон Болтон, чалгын кызматтарынын аналитиктери ага каршы ой-пикирин билдиришкенде, аларга орой мамиле кылган.

Сенатор Йозеф Бидендин оюнда, Сенат Болтондун талапкердигин колдой турган болсо, Улуттар уюмунда АКШнын кызыкчылыктарын коргоого сокку урмак.

- Биз бул жерде өзүбүздү амалсыздыкка даярдап жатабыз. Бул жакшы тандоо эмес, - деди демократ-сенатор Йозеф Биден.

XS
SM
MD
LG