Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: АЙДООЧУНУН КҮБӨЛҮГҮН АЛУУ ОҢОЙБУ? ЖОРЖ БУШТУН ПЛЕЕРИНЕН КАНДАЙ МУЗЫКА ЖАҢЫРАТ...


Айнура Жекше кызы

Айдоочунун күбөлүгүн алуу оңойбу?

Түштүк кореялык Со Сан Мун 5 жылдан бери айдоочунун күбөлүгүн ала албай жүрөт. Жакында ал машинаны айдоонун теориясы боюнча сынактан өттү. Буга чейин 69 жаштагы Мун 271 жолу экзаменден кулап калган.
Эми аны практика боюнча сынак күтүүдө. 2000-жылга чейин Түштүк Кореяда машина айдаганды үйрөнгүсү келгендер жазуу түрүндө экзамен беришчү. Мун же жазганды же окуганды билбейт. Ооз эки сынак киргизилгенден кийин гана ал курстарга жазылып, бирок жол эрежелерин жакшылап жаттай албай улам кулап калчу. Соңунда Мун экзаменин ийгиликтүү тапшырды. Мугалим-инструкторлор аны менен кошо абдан сүйүнүштү. “Мун 5 жылдан бери бизге келип жүрөт, ал биз үчүн үй-бүлөө мүчөсүндөй эле болуп калган, - дейт экзаменаторлордун бири.

Жорж Буш кандай музыканы угат?

АКШ президенти Жорж Буш кантри, классикалык рокту жакшы көрөт экен. Кээде хард-рок же хонки тонк стилиндеги музыканы да угат. Буштун музыка тандоо боюнча атайын жардамчысы да бар. Ал Интернеттеги ырларды президенттин плеери үчүн көчүрүп берип турат. Буш аны негизинен велосипед менен жүргөндө угат, - деп жазат “Нью-Йорк таймс” гезити.
Музыка таануучу Джо Левинин айтымында, эң кызыгы, президент аны жаман көргөн музыканттардын чыгармаларына артыкчылык берет. Мисалы, Жон Фогерти согушка каршы ыры менен белгилүү.

Юсеф Амарандын тарыхта калгысы келет.

Палестинадагы Яабуд айылында жашаган Юсеф Амарандын бир кыялы бар. Көптөн бери ал Гиннесс рекорддор китебине кирип калууну эңсеп, дүйнөдөгү эң узун кат жазууну чечет. Эми Юсеф 23 айга созулган эмгегин аяктап, аны Гиннесстин Абу-Дабидеги кеңсесине жибергени жатат. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, катта “Жашасын тынчтык!” деген сөздөр кайталанат. 2 миллиондон ашуун сөздөрдү жазыш үчүн автор күнүнө 5 сааттан иштеп, 82 калем колдонуптур. Электр кубаты улам үзгүлтүккө учурап тургандыктан, 1 миңге жакын шам жагылган.
Амаран өзү ырастагандай, бул эмгеги менен ал Израиль бийлигине палестиндер бейпилдикти каалашат дегенди билдиргиси келет.

Чарли тамекини таштайбы?

Дүйнөнүн улам бир өлкөсү коомдук жерлерде чылым чегүүгө тыюу салып келатат. Тамекиге каршы кампания эми жаныбарлардын арасында да жайылып баратат өңдөнөт. Түштүк Африкадагы зоопарктын биринде маймылды чылым чегүүдөн баш тарттыруу аракеттери көрүлүп жатат. Чарли аттуу шимпанзе көрүүчүлөр таштаган тамекини алып, элди күлдүрүш үчүн аны тарта баштаган. Бара бара ал өнөкөткө айланып калган. Эми аны кичинекей шимпанзелер да туурай башташты. “Чарлиде никотинге кыныгып алуу айкын байкалууда, - дейт зоопаркта иштеген адистердин бири.
Тилекке каршы бул өңдүү мисалдар башка жерлерде да жолугат.

Эфиоптордун тарыхый эстелиги мекенине кайтарылат

Аксум колоннасы Эфиопиянын улуттук диний баалуулуктарынын бири. 1937-жылы аны италиялык аскерлер Африкадан Европага алып чыгып кетишкен. БУУнун тарыхый эстеликти Эфиопияга кайтарып берүү чечимине карабай, ал Римде орнотулган.
Эми арадан дээрлик 70 жыл өткөндөн кийин монумент мекенине кайтарылмай болду. Шейшембиде анын алгачкы бөлүгү Эфиопияга атайын учак менен жеткирилди.
Оймо чиймелер менен жасаланган 24 метрлик колонна Аксум шаарынын архитектуралык эстелиги болуп эсептелет. Аксум падышалыгын болсо тарыхчылар байыркы дүйнөнүн эң таасирдүү мамлекеттеринин бири катары атап жүрүшөт.
Аны демонтаж жасап, Эфиопияга жеткирүү үчүн Италиянын өкмөтү 6 миллионго жакын евро сарпташы керек. 160 тонналык колоннаны 3кө бөлүүгө туура келди.
Эфиоптор бул тарыхый эстеликти улуттук символ катары баалашат. Ал сентябрда, жамгырлар сезону аяктагандан кийин 1937-жылга чейин турган жерине кайрадан тургузулмакчы.

XS
SM
MD
LG