Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:51

Ноокен районунда акимдин орун басарлык кызматын талашуу басылбай жатат


ЖАЛАЛАБАТ. Райондук бийликтин имаратына чогулган беш жүздөй аял мурунку бийлик учурунда да акимдин социалдык иштер боюнча орунбасары болуп иштеген Тажикан Самидинованын кызматын улантуусуна мүмкүндүк берүүнү талап кылышты. Аялдардын экинчи тобу бул кызматта бир ай иштеген Ибадат Абдразакованы калтырууну жактап сүйлөштү. Райондук бийликтин убактылуу башчысы Совет Адылсейиткуловдун билдирүүсүнө караганда Тажикан Самидинованын орунбасарлык кызматтагы тажрыйбасы көп. Үч күндөн бери орунбасарлык кызматты талашкан аялдар имаратты ээлеп алууга да аракет кылышты.

XS
SM
MD
LG