Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

ЖК төрагасы өкмөттүн ишин сынга алды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 10-июлдагы президенттик шайлоого катышаары же катышпастыгы, эгерде катышпаса, кайсы саясий күчтөрдү колдоору тууралуу жакынкы бир аптанын ичинде ырасмий билдирет. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев 23-апрелде «Азаттыктын» кабарчысына берген интервьюсунда маалымдады. Төраганын пикиринде, өлкөнүн азыркы өкмөтү айрым маселер боюнча принципиалдуулугун көрсөтө албай жатат. Алардын ичинде Текебаев Аксы окуясы маалында ички иштер министри болуп иштеген Темирбек Акматалиев жана бул окуяларга тиешеси бар деп айтылып жүргөн Калмурат Садиев азырга чейин ээлеген кызматтарынан алына электигин белгилеп өттү. Өмүрбек Текебаевдин көз карашында Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин балдарынын өлкөгө азыркы кырдаалда келиши саясий жактан туура эмес, бирок укуктук жагынан алар акылуу.

XS
SM
MD
LG