Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Бишкектеги “Спартак” стадионунда футболдон Кыргызстандын 14-чемпионаты салтанаттуу ачылды


БИШКЕК. 24-апрелде Бишкектеги “Спартак” стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын 14-чемпионаты салтанаттуу ачылды. Футбол боюнча өлкөнүн быйылкы чемпионатынын жогорку лигасында тандалган 8 команда 4 айлампа менен күч сынашат. Чемпионатты өлкөнүн футбол федерациясынын президенти, экономика, тышкы соода жана өнөр жай министри Амангелди Муралиев ачып, былтыркы чемпион Нарындын “Дордой- Динамо” командасы май айында Непалда башталчу Азия конфедерациясынын президентинин Кубогуна катышаарын айтып, негизги мелдештерге токтолду.
Быйылкы чемпионаттын биринчи беттешүүсү Карабалта шаарында Бишкектин “СКА- Шоро” командасы менен Канттын “Абдышата” командасынын ортосунда болуп, канттык чабуулчу Эмил Кенжесариев эсепти ачып, 1:0 эсебинде “Абдышата” командасы алгачкы утушка ээ болду. Ал эми өлкөнүн былтыркы чемпиону Нарындын “Дордой- Динамо” командасы менен өлкөнүн жаштар тандалма командасынын ортосундагы мелдеште дордойчулар үстөмдүк кылышты. Оюндун 10чу мүнөтүндө “Дордойдун” чабуулчусу Сергей Князев эсепти ачты. Натыйжада 2:0 эсеби менен оюн “Дордой- Динамо” командасынын жеңиши менен аяктады.

XS
SM
MD
LG