Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ


26-апрелде Жалалабат шаарында мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык паритеттик комиссиялары жабык эшик артында ишин баштады. Коңшу өлкөлөрдүн делегациялары бул жолку олтурумунда Жалалабат, Ош, Баткен, Наманган, Анжиян жана Фергана облустарындагы талаштуу чекти тактоого аракет кылышат. Буга чейин 40 жолу жолугушкан эки мамлекеттин бул жумушчу топтору миң чакырымдан ашык жерди тактоого жетишкен.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык паритеттик комиссиялардын бул жолку отурумунда коңшулаш алты облустун талаштуу жерлерин аныктоо милдети турат. Буга чейинки жолугушууларда эки мамлекеттин ортосунда миң чакырым жер аныкталган. Дагы 300 чакырым жер такталуусу зарылдыгын кыргыз өкмөтүнүн регионалдык проблемалар бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди:

- Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары эки мамлекеттин ортосундагы мамлекеттик чек аранын сызыгынын жүрүшүн аныктап тактоо үчүн жумушчу топторубуз менен чогулуп атабыз. Кыргызстандын Жалалабат, Ош, Баткен облустары менен Өзбекстандын Наманган, Фергана, Анжиян облустары чектешет. Эки ортодогу чек аралар ар түрдүү өзгөрүүлөргө дуушар болуп турган экен. Мына ошол өзгөрүүлөрдү тактап, ким кайсы жакка чек араны жылдыргандыгын аныктап туруп, бүгүнкү күндө талапка ылайыктуу элдердин биримдигин чыңдай турган чек араны түзүүгө аракет кылып чогулуп атабыз. Так эмес жерлер бар экен. Ошол жерлерди тактоого аракет кылып атабыз. Андай жерлер биздин болжолдор боюнча элүүгө жакын калды. Азыр миң чакырымдан ашык чек арабызды делегациянын деңгээлинде тактаганга жетиштик. Ал эми 300 чакырымга жакын жерибиз такталуунун үстүндө,- - деди кыргыз делегациясынын башчысы Саламат Аламанов.

Жалалабат облусу менен Өзбекстандын Анжиян жана Наманган облустарынын ортосунда такталуучу 22 жер бар. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов жыйында сүйлөгөндөй, чек ара маселеси эки элдин ынтымагын бекемдеген маселе болуусу абзел:

- Эң оор маселе турат. Чек ара маселенин чечилиши эки элдин достугун, ынтымагын ширеткен чечим болуш керек. Бир жактуу чечим эмес, эки жакты тең караган чечим болушу керек, - Жаныш Курбанов ушунтип айтты.

Өзбекстандык делегацияны жетектеген Жер кадастры мамлекеттик комитетинин геодезия жана картография боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орунбасары Юрий Тен суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Өзбекстандык делегациянын мүчөсү Урманжан Дадажановдун айтымында, Фергана менен Баткен облусунда үч чакырым жерди тактоо керек:

- Чек арада үч чакырым жерлер бар, аларды тактоо керек. Өзбек, кыргыз калкы дос бойдон калат. Коңшу эл дайыма дос бойдон калат, - деп айтты Өзбекстандын өкүлү Урманжан Дадажанов.

Баткен облусундагы кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча кызматтын жетекчиси Назирбек Бөpүбаевдин ырасташынча, аймакта 120 чакырым талаш жер такталмакчы:

- Биздин Баткен облусу Өзбекстан менен 375 чакырым узундукта чектешет. Азыр 255 чакырым такталып, макулдашылды. Эми 120 чакырым дагы такталат. Бизде Өзбекстандын Шахмардан, Чоңгара, Сох, Ташдөбө деген төрт анкылабы жайгашкан. Акырын-акырын бул маселелер чечилет , - деди Назирбек Бөрүбаев анклав жайлар да туура чечилерине ишеничин билдирип.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG