Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Токтогулда жер көчтү


БИШКЕК.Токтогул районуна караштуу Сарыкамыш айылындагы жер көчкү 2 үй менен 2 сарайды басып калды. Мындай маалымат 26-апрелде Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министрлигинен алынды. Жер көчкү баскан үйдүн тургундары кырсыктан аман, учурда алар туугандарынын үйүндө баш калкалашууда. Кырсык болгон жерге министрликтин адистешкен бригадасы жөнөп кетти. Алар кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзмөкчү. Жер көчкү Сарыкамыш суусун бөгөп, азыр ал жерде жасалма көлмө пайда болууда. Көлмө жырылып кетсе алдый жагындагы 230 үйдү жууп кетүү коркунучу турат. Көтөрүлгөн суу өйдө жактагы айрым үйлөрдү да басышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG