Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча кылмыш иштери сотко жетти


БИШКЕК. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармасынын башчысы Чыныбек Алиевдин атып өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу 26-апрелде Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, «Дасмия» туристтик фирмасынын өткөн жылдын 2-августанда атып өлтүрүлгөн директору Динара Мамашова боюнча да кылмыш иши да сотко берилди. Ал эми Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармасынын аймактык бөлүмүнүн башчысы Уран Алиевдин атып өтүрүлүшү боюнча тергөө аягына чыга элек. Азимбек Бекназаровдун баамында, буга жергиликтүү ички иштер бөлүм кызматкерлеринин ыкшоолугу жана далилдөөчү фактылардын такталбай жаткандыгы бөгөт болууда. Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Чыныбек Алиев былтыр 5-майында күндүз, машина айдап бара жаткан жеринен, ал эми Уран Алиев өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG