Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫША АЛЫШАБЫ?


Кабыл Макеш,Бишкек. Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан ар кандай маалыматтар боюнча 300 миңден 500 миңге чейин кыргызстандыктар Орусия, Казакстан жана Батыш мамлекеттеринде убактылуу иштеп жүрүшөт. Алар алдыдагы президенттик шайлоого катышып, добуш бере алабы?

Айрым маалымат булактарында Орусия менен Казакстанда эле учурда 300 миңдей кыргызстандык атуул иштеп жүргөнү маалымдалат. Ал эми Батыш жана Азия өлкөлөрүндө 5-6 миңден ашуун кыргызстандык иштеп, окуп жүрүшкөнү тууралуу пикир бар. Чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп, окуп жүргөн кыргызстандык атуулдар алдыдагы президенттик шайлоого катыша алабы? Алар добуш берүү үчүн шайлоо участоктору кайсыл өлкөлөрдө уюштурулат? Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева мындай деди:
- Дүйнө жүзүндөгү Кыргызстан менен дипломатиялык байланышы бар чет өлкөлөрдө 28 консулдук аймактарда шайлоо участоктору түзүлөт. Ошондой эле Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жүргөн мекендештер шайлоодо добуш берүүсү үчүн 5 пунктта шайлоо участоктору иштеп, ошол аймакта иштеп жүргөндөрдүн тизмеси такталат.

Ал эми чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жана айрым себептер менен каттоого алынбаган бардык атуулдарыбыз, эмгек мигранттары шайлоого катышууга укуктуу. Орусия менен Казакстанда легалдуу иштеп жүргөн, убактылуу каттоого алынбаган, бирок Кыргызстандын паспорту, өлкөдө каттоосу бар атуулдарыбыз ошол аймактагы шайлоо участокторуна катталып, президенттик шайлоодо добуш бере алышат.



Чет өлкөлөрдө иштеп, окуп жаткан атуулдардын саны, тизмелери ошол мамлекетеги элчиликтер тарабынан такталып жатканын, Европа биримдигине кирген өлкөлөрдө 70тен - 3 миңге жакын атуул шайлоодо консулдук участоктордо добуш бере алаарын, өлкөнүн тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиева кошумчалады.

Ушундай иш -чаралар болуп жактанына карабай Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жүргөн 300 миңден ашуун кыргызстандыктардын баары президенттик шайлоого катышуусу күмөн экенин, ошондой болсо да алар үчүн шарт түзүүнүн зарылдыгын Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспорлорунун “Замандаш” ассоциациясынын төрагасынын орунбасары Жума Абдуллаев айтып, өз пикирин мындайча билдирди:

- Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жаткан кыргызстандык атуулдардын санын так билүүгө мүмкүн эмес. Айрым атуулдарыбыз эч кандай каттоого алынбай иштеп жүрүшөт. Орусияда эле 200 миңдей кыргызстандык жарандар убактылуу каттоого алынса, ал эми Казакстанда 100 миңдей кыргызстандык жарандар иштеп, убактылуу жашап жүргөнү тууралуу элчиликтерибиз маалымат берген. Ошондуктан президенттик шайлоого биздин мекендештерди катыштыруу маселесин биз жарым жылдан бери көтөрүп келатабыз. Биздин шайлоо кодексинде ошол чет жерде жүргөн мекендештердин кызыкчылыгы, шайлоо укуктары эске алынбай калган. Кыргызстандыктардын 2005- жылдын 6- июнуна чейин консулдукка арыз жазып, шайлоого катышууну каалагандар добуш бере алышат. Калгандары сыртта калат. Ошентип, миңдеген жараныбыз шайлоого катыша албай калмакчы.

Чет өлкөлөргө барып иштеп жаткан кыргызстандыктар да Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө олуттуу салым кошуп жатышканын, алар да өлкөнүн патриоттору экендигин, президентик шайлоого катышууга укугун камсыз кылуунун зарылдыгын Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов айтып, өз пикирин мындайча билдирди:

-Чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп, каттоого алынбаган атуулдарыбыз шайлоого катышпай калып жатат. 500 миңден ашуун кыргызстандык чет жерде жүрүшөт. Менин оюм боюнча аларга шайлоого катышып, добуш берүүсүнө шарт түзүү керек. Ал түгүл Орусиянын жакын жайгашкан шаарларындагы атуулдарыбыздын атайын шайлоо участогун ачып берүү зарыл.. Антпесек, президенттик шайлоодо алардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу зарыл болуп турат.
Орусияда Самара шаарында убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандык маданий борборунун жетекчиси Вали Төлөбаев парламенттик шайлоого катышпай калганын өкүнүү менен эскерип, эми президенттик шайлоого сөзсүз катышаарын, четте жүргөн мекендештерин дагы активдүүлүккө чакырды.
Жайкы мезгилде эмгек мигранттарынын саны 500 миңге чейин жетээрин адистер айтып жүрүшөт. Ал эми Батыш жана Азия өлкөлөрүндө 10 миңден ашуун кыргызстандык иштеп, окуп жүрүшкөнү тууралуу пикирлер да бар. Ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясы айрым атуулдар Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө эки ирет тизмеге түшүп калуудан сак болууну эскертүүдө. Ушул жылдын 30- майына чейин чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп жана жашап жүргөн кыргызстандыктардын тизмесин тактоо тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери аркылуу такталып, 6- июнда Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат.

XS
SM
MD
LG