Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Конституциялык кеңешме жумушчу топту түздү


БИШКЕК. Жума күнү түштөн кийин «Пинара» мейманканасында Конституциялык кеңешменин экинчи отуруму ишин баштады. Бул отурумда кеңешме 24 кишиден турган жумушчу топ түздү. Алардын 14ү жарандык коомдон, 7өө Жогорку Кеңештен жана 4өө аткаруу бийлигинен. Мындан тышкары отурум Конституциялык кеңешме төрагасынын 3 орун басарын шайлоо чечимине келишип, өкмөттүн өкүлдөрү жетишсиз болгондуктан, өкмөт өкүлү отура турган бул орун азырынча бош калды. Калган эки орунга жарандык коомдон Асия Сасыкбаева, сот бийлигинен Эркин Токтомамбетов шайланышты. Ушул эле күнү кеңешме «Кыргызстанга кандай башкаруу керек?» деген маселени талкуулай баштады. Конституциялык кеңешменин бул күнкү отурумуна президенттикке талапкерлер Феликс Кулов менен Алмаз Атамбаев катышты. Бул эки саясатчы Конституциялык кеңешменин 28-апрелдеги алгачкы отурумуна катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG