Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Иракта өлтүрүлгөн тыңчысын Италия өз алдынча иликтейт


Италия өкмөтү бүгүн мамлекеттик прокурорго кайрылып, март айында Иракта италиялык коопсуздук кызматынын агенти өлтүрүлгөнүн өз алдынча дыкат иликтеп чыгууну талап кылды. Иракта барымтага алынган журналист Жулиана Сгренаны ал агент Никола Калипари 4-март күнү бошотуп келатканда америкалык аскерлер алардын машинесине ок жаадыргандан, Калипари денеси менен журналистти коргоп, өзү курман болгон. Америкалык тараптын айтымында, күзөт түйүнүнө машине өтө ылдам келаткан жана токто деген белгиге баш ийген эмес. Журналист Сгренанын айтымында, америкалыктар атайын ок атып, аны өлтүрүүнү көздөгөн.

XS
SM
MD
LG