Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯГА БӨГӨТ КОЮЛАБЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек 24-марттагы ыклаптан кийин бийликке келген жаңы өкмөт коррупцияга каршы күрөштү башкы максаттарынын бири катары карап жатат.

Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 30-апрель күнү Кыргызстан элине жасаган кайрылуусунда өлкөдө коррупцияга бөгөт коюлат деп маалымдады:

-Азыркы мезгилде биз өлкөбүздө жүрүп жактан көмүскө акчанын агымдарын төмөнтөн жогоруга чейин токтоттук. Дал ушул система коррупцияны жаратып келген. Биз паракор жана коррупционер өлкөдө жашабашыбыз керек. Албетте, мамлекеттик паракорлор түрмөдө отурушу керек.

Жаңы өкмөт жүргүзүп жаткан иштердин алкагында башкы прокуратура экс-президент Аскар Акаевдин мезгилинде мыйзамсыз менчиктештирилип, бажы, салыктарын төлөбөй иштеген кирешелүү ишканаларды текшерип жатат. Мындай ишканалардын арасында Аскар күйөө баласына таандык делинген «Аалам сервис», «Манас интернешнл», «Бител», «Кумтөр» жана башка 50гө жакын ишкана бар. 1993-жылы 2 тоннага жакын алтындын дайынсыз жоголушуна байланыштуу маселе да иликтенүүдө.

Башкы прокурордун милдетин аткарып жаткан Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин 22-апрелиндеги отурумунда жакынкы 100 күндүн ичинде мурдагы коррупциялык иштер боюнча жүргүзүлүп жаткан соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыктары жарыяланат деп маалымдаган. Бекназаров «Азаттыкка» билдиргендей, айрым адамдар менчик объектилерин өз ыктыяры менен мамлекеттин карамагына өткөрүүдө:

-Бугүнкү күндө 23 объект мамлекетке өткөрүлүп берилди. Ошонун ичинде чоң- чоң пансионаттар бар. Ошонун алтоо оз ыктыяры менен өткөрүлдү. Алар бизге, бул меники эмес деп, өздөрү өткөрүп берип жатышат. Эми мунун баары эч кандай аукцион өткөрүлбөй эле, аларга өткөрүлүп бериле берген. Эми өкмөт аларды жокко чыгарса, баары мамлекеттики болот.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жетектеген өкмөттүк комиссия Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына таандык деп шектелген ишканаларды текшерүүнү улантып жатат. Адегенде мындай ишканалардын саны 42 болгон. Өткөн аптада Данияр Үсөнөв Акаевге жана анын жакындарына таандык делген ишканалардын саны 73кө жеткендигин маалымдады. Жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Данияр Үсөнөв:

-Биз бүгүн «Мээрим» кайрымдуулук фондунун имараттарынын 30 пайызы мамлекеттин балансынан бул жеке ишкананын карамагына өткөрүлүп берилгендигин тактап чыктык. Башкача айтканда, булардын баары эми мамлекеттин менчигине өткөрүлөт. Азыр ишканалар кандай түрдө менчиктештирилгенин да текшерип жатабыз. Мисалы, Кайыңды кант заводу мыйзам бузуулар менен менчиктештирилген.

Учурдагы өкмөттүн коррупцияга каршы минтип күрөшүп жаткан иштери боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Атап айтканда айрым адистер бул иштерди колдоого алат. Экс-депутат Орозбек Дүйшеев мындай пикирин ортого салды:

-Азыр өкмөт коррупцияга каршы күрөштү баштады. Мурда мындай чечкиндүү иштер жүргүзүлгөн эмес. Мына азыр бюджетке каражат көбүрөөк түшө баштады. Мурда үй-бүлөнүн карамагында болгон ишканалар, көптөгөн коррупциялык иштер боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Мунун баары натыйжа бериши керек. Мен өкмөт бул ишти аягына чейин чыгарат деп ойлойм.

Өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кадамдары кандайдыр бир жыйынтыкка алып келишине ишенбегендер да бар. Алардын бири-Бишкек ишкерлер ассоциациясынын өкүлү Өмүрбек Абдрахманов:

- Азыркы өкмөт да коррупцияга каршы чечкиндүү кадамдарга бара албай жатат. Мурдагыдай эле формасы бар, бирок, маңызы жок болуп жатат. Анткени, алар романтикалык жол менен коррупцияны жок кылабыз деп жатышат. Кеп бир да өкмөттүк система өзгөрө электигинде. Ошондуктан, коррупциялык системага каршы күрөшүү керек.

XS
SM
MD
LG